Бүгүн түнгө оогон мезгилде Франция менен Бельгия курама командалары беттешип, күйөрмандараг кызыктуу оюн тартуулашты. Биринчи таймда эсеп ачылган жок. Экинчи таймдын башында, тагыраагы 50-мүнөттө француз оюнчусу Гризманндын чыгарып берген тобун, дарбазага жакын жерден Умитити баш менен сүзүп киргизе алды. Ошентип, эсеп 1:0. Ал эми оюндун аягына чейин эки тарап теӊ эсепти ача алышкан жок. Ошону менен Франция финалга чыкты. Франция финалга мындан он төрт жыл мурун чыккандыгы айтылды. Ал эми Бельгия 14-июлда 3-орун үчүн беттешке чыгат. Бельгиянын атаандашы бүгүн белгилүү болот. Бүгүн Москвада түнкү саат 12де Англия-Хорватия ойномокчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here