Бүгүнкү күндөрү Түркияда жаштар арасында өтүп жаткан «Champions — 2018» мелдешинде грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Акжол Махмудов (77 кг салмак боюнча)финалга чыкты. Ал квалификациялык кармашында турк балбанды 12:3 упай эсебинде таза жеңиш менен утту.  Ал эми чейрек финалда азербайжандык спортчуну 5:2 эсебинде жеңген. Ал ошону менен 8 упай топтой алды. Ал эми финалдык бөлүктө дагы бир турк балбаны Арми Озен менен беттешип, аны 16:8 эсеби  менен утуп алды. Ошентип, биздин балбан алтын медаль тагынды. Мухмудовдун финалга чейинки беттештеринин тасмасын бул шилтемеден көрүнүз.

https://www.instagram.com/p/Bk5pawhAUvd/?hl=ru&taken-by=prosport_kyrgyzstan

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here