Эрмек мырза, жакында сизди “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеӊиш Молдокматов менен бирге иш-чарада жүргөнүӊүздү көрдүк. “Замандаш” партиясына качантан бери мүчөсүз?

—Көпчүлүк билет болуш керек, мен “Замандаш” партиясынан депутаттыкка талапкер болуп чыккам. Негизи 2007-жылдары бул партия жаӊыдан түптөлүп жаткан кезде, мен Казактанда ишкерлик кылып жүргөм. Ошондо эле досторум мени бул партияга кир деп үндөшкөн. Бирок ал кезде мен саясаттан алыс болгондуктан, расмий түрдө партияга кирген эмесмин. Бирок кийин партия түптөлүп, кадимкидей иштеп жаткан учурда, айрыкча мигранттардын маселесин көп козгоп, алардын таламын талашып, көйгөйлөрүн чечип баштаганда, мен бул партияны жактырып, баа берип жүрдүм. Мына азыркыга чейин Казакстанда  “Замандаш” ассоциациясы мигранттарга жардам берип жүрөт. Мен да кезегинде өзүмдүн тааныштарым аркылуу колдоо көрсөткөн учурлар болгон. Андыктан “Замандаш” партиясына  мен чоочун эмесмин. 2014-жылдары расмий түрдө мүчө болуп кирип, 2015-жылы парламенттик шайлоого катыштык. Бирок шайлоодо өтпөй калгандан кийин, мен саясаттан оолак болуп, жеке ишкерлик менен алек болуп жүрдүм.

—Ал ортодо КСДПга жакындап кетти деген сөздөр чыкпады беле…

 —Ал партияга жакындап кетти деп айтылган сөздөргө өзүмдүн түшүндүрмөм бар. Бул партиянын иш-чараларынын бирине да катышкан жокмун, саясый  кеӊешине да жакындаган жокмун. Чынында бул партияга жакындаган кишилер өз учурунда көп эле болду го. Азыркы президентибиз деле ушул партиядан чыкты да. Азыр эми кийинки шайлоого кайсы партия менен барасыӊ деген суроолорду берип жатышат. Шайлоого чейин дагы убакыт бар. Балким такыр эле шайлоого катышпайм? Балким катышам. Айтор, убакыт көрсөтөт.  Мен негизи саясатчы эмесмин да. Саясатка  эми киришейин деп жатам.

—“Замандаш” партиясы шайлоодон кийин бир топ эле тынчып калбады беле. Акыркы учурда жанданып, мамлекеттин көйгөйлөрүн көтөрүп жатат. Анын айрымдарын бийлик колдоого алып жатканын көрүп жатабыз. Бул боюнча эмне айтасыз?

 —Биринчиден ушундай мамлекеттик деӊгээлдеги маселелерди көтөрүү – бул патриоттуулук да. Мекенге болгон сүйүү. Элдин көйгөйүн жакындан сезе билүү. Жөн эле сезип койбостон, ошол көйгөйдү чечүү дегендей. Ушул өӊүттөн алып караганда “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеӊиш Молдокматов өзүнүн мекенге болгон патриоттуулугун көрсөтүп жатат. Мына ушундай жаш балдарды биз колдошубуз керек. Анткени, Жеӊиш  мырза саясатчылардын баарына салыштырмалуу таза, эч кандай жаман иштерге аралашкан эмес. Эч ким ага катуу сын, доомат айта албайт. Тескерисинче, ал жаш болсо да көпчүлүккө үлгү көрсөтүп жатат. Ушундай жаш жигиттерге арка-жөлөк болуп, болушунча өстүрүш керек да. Мигранттарга тиешелүү болуп келген “Жүк-200” маселесин  “Замандаш” партиясы жеткиликтүү көтөрүп чыкты эле, жакында ал боюнча өкмөт чечим кабыл алып, эми мындан ары сыртта жүрүп каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келүүгө 50 миӊ сом бөлүп бере турган болду. Ошондой эле мурун топтош керек болгон 15тей кагаздарын азайтып, азыр 3 эле кагаз жетиштүү кылып койду. Эмне үчүн буларды кезегинде бийликте жүргөн чоӊ партиялар көтөрүп, өкмөттөн талап кылган эмес деген да суроолор туулбай койбойт. Россияны айтпаганда да, биз Казакстанда жүргөн кездерде айрым мигранттарыбыз каза болгон учурда биз да сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө өз күчүбүз менен аракеттерди кылчубуз. Бул маселе өз мамлекетибизде жашаган элибизге анчалык тереӊ билинбегени менен мигранттар үчүн эӊ чоӊ көйгөлүү маселе. Ушул маселе колго алынып жатканына Кудайга шүгүр дешибиз керек.Мына “Замандаштын” азыркы жасап жаткан бир эле ишин мисал кылдым.

—“Замандаш” кароосуз калган карыларды колдоо боюнча да маселени кабыргасынан козгоп, ата-энелерин карылар үйүнө таштап койгондорду жазалоо сунушун да көтөрүүдө. Коомчулукка бул маселе абдан эле жагып турат. Бул боюнча сизде кандай ой бар?

—Аз күн мурун мага Жеӊиш телефон чалып: “Байке, карылар үйүнө барып келели” деп калды. Биз колубуздан келген белек-бечкекти алып алып, Бишкектин Абай көчөсүндөгү Карылар үйүнө бардык. Кудай буйруса, дагы кеӊешип жакын арада колдон келген жардамды берели деп жатабыз.   Чынын айтайын, мен биринчи жолу Карылар үйүнө бардым. Мамлекет тараптан деле жакшы эле жардам болуп жатса керек, себеби мурун Карылар үйүнүн ахыбалы кандай экенинен кабарым деле жок болчу да. Союз учурунда Карылар үйүндөгү ата-энелердин 70-80 пайызы орустар болсо, азыр тескерисинче кыргыздар болуп калыптыр. Бул абдан уят, абдан өкүнүчтүү маселе да. Мына кыргыздар ушул абалга чейин жетип калыптырбыз да. Ата-энени сыйлабайт, бакпайт деген илгери эмне деген шермендечилик эле. Азыр тилекке каршы ал нерсе күчүн жоготуп жатканын ушул Карылар үйүндөгү карыларыбыздын көптүгүнөн улам билсек болот да. Мен ушул Карылар үйүнө барганда байкаганым, ал жерге карылардын 90 пайызын келиндер алып келип таштап кетет экен. Эмнеге дегенде көп эркектер аялдарынын алдында алсыз болуп жатканын да байкап жатабыз. Бир абышка бизге: баласы жаӊы үйлөнүп, санаторийге эс алып туруӊуз деп таштап кеткенин, кийин ал жер санаторий эмес эле Карылар үйү экенин билгенде инсульт болуп жатып калып, ошентип ден-соолугунан айрылганын айтып берди. Биз барган Карылар үйүндө 200дөй кары экен. Мына ошол карыларыбызды кыргыздын мен деген жигиттери бага албасак, анда бизге орусча айтканда “грош цена” деп койсок болот го. Чын эле кыргызда билинген-билинбеген байлар толтура, бир башына 3-4 үй камдап, 5-6 машина минип, чиренип жүргөндөр ушул Карылар үйүндөгү карыларды бир эске алып койсок, абдан эле жакшы болмок да. Ошондуктан “Замандаш” партиясы көтөрүп жаткан мыйзамды өткөрүп алсак, өзүбүз үчүн, өлкө үчүн жакшы болот деп айтат элем.

Азыр коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп баштаганы кадимкидей байкала баштады. Бул маселеге кандай баа берет элеӊиз?

—Азыркы темпине караганда бийик эле баа берсе болот. Анткени, ушундай күрөштү элибиз канча жылдан бери эӊсеп келген да. Бирок бул күрөш 2010-жылдан кийин башталган. Ортодо күчөгөн, бир аз басаӊдап калган учурлары болду. Кандай болгон күндө да азыр уланып, элибизге жакшы үмүт берип койду. Мен бул күрөш дагы да күчөп, мамлекетибиздин байлыгын өздүк кылып уурдап алгандардын баарысы теӊ катуу жазага тартылышын каалайт элем. Ушундай алгылыктуу күрөштү күчөтө баштаган мамлекет башчыбызга бекем кайрат, саясый эрктүүлүктү тилейт элем.

Эрмек мырза, эми  маек соӊунда сиз жетектеген базар тууралуу кеп кылалы. Мурун бир көрдүк эле, базарыӊызда ал учурда эл аз болчу. Азыр базарда соода кылгандар менен соодагерлер силер олтурган административдик имаратка чейин жайылыптыр. Бир сөз менен айтканда бут коёрго жер жок болуп баратыптыр. Бул көрүнүш базар ойдогудай иштеп, элге жагып турат деген маселеден кабар берет десек туура болобу?

—Бул сиз айткан маселеге  базарды жакындан  билип, көрүп жүргөндөр баа берсе туура болот го. Биз бул базарды ачканыбызга 24- майда  бир жыл болду. Мына ошол убакыттан бери тытынып, базарда соода кылып иштегендер үчүн болгон жакшы шарттарды түзүп бергенге  аракетибизди көрүп жатабыз. Чынында базарды жакшыртуу үчүн көп маселени чечтик, дагы чече  турган маселелерибиз да аз эмес. Азыр жер-жемиштин мезгили башталбадыбы. Ошондуктан жайкысын бизде соода кылгандар көп болот. Мурун бизге товарлар импорттолуп келсе, азыр Казакстанга экспорт чыгып жатат. Жакында Россияга барып, ал жактагы ири базарлар менен кызматташуу боюнча сүйлөшүп келели деп жатабыз. Ушунун негизинде биз өнүктүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биздин базарга алыскы Баткендин райондорунан келип жашылчаларын сатып жатышат.

Базар аркылуу мамлекетке кандай пайда келтирип жатасыз?

—Өз деӊгээлибизге, базар деӊгээлине жараша пайдабызды келтирдик. Мамлекеттик казынага  жүзмиӊдеген каражат салык төлөп жатабыз. Патент менен да иштегендер көп. Өзүӊөр көрүп жатасыӊар 100дөгөн мекендештерибизди жумуш менен камсыз кылып жатабыз десек болот. Кышкысын соода кылгандардын саны кыйла азайып калат, ал эми ушул маалда соодагерлердин саны 300-400гө чейин көбөйөт. Алардын 70 пайызы дыйкандар да. Мындан тышкары, бир эле күнү келип жашылчасын сатып жиберип кетип калган бир күндүк соодагерлер да арбын. Жакында дарбыз толук бышканда дагы, эл мындан да көбөйөт. Дарбыз саткандарга да өзүнчө орун бошотуу менен алекпиз. Кыскасы, азыр базарды дагы кеӊейтүү менен алекпиз. Буга чейин базардын ортосунда бетон заводу бар болчу. Аны көчүрүп чыгардык. Өрт коопсуздугу боюнча да талапка ылайык иштердин баарын жасадык. Эӊ негизгиси  тазалык. Базарыбыз  күндүзгү жана түнкү маалда да жумушчулар тарабынан жетиштүү тазаланып турат. Андан тышкары, күзөт маселесин да талапка ылайык ишке ашырдык. Кыскасы, ушул сыяктуу иштерди айта берсе көп эле.

        Булак: багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here