Паспорттогу “улуту кыргыз”деген жазууну жок кылган адам

Токтогул жергесинен чыккан Тайырбек Сарпашев жана анын туугандарынын кыргыз элине кылган пайдасынан зыяны арбын окшобойбу. Анткени бул сөзгө далилдер толтура. Өзгөчө Тайырбек Сарпашевдин кыргыздын кызыкчылыгына туура келбеген  кылмыштуу иштерин айтса арбын кеп болот. Айрыкча, ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган кезде  паспорттогу кыргыз деп жазылып турган улут графасын алып салууга чоң салым кошту. Бул кыргызга кылган кыянатчылыгы тарыхта өчпөс кара так болуп калды. Ал тургай укум-тукумуна чейин каргап-шилегендер да арбын болду. Бул маселеге кыргыз бийлиги кайрылып келип, паспорттогу улут графасын кайрадан калыбына келтириши зарыл. Бийликте болушунча эрке бала болуп тайраңдап турган Тайырбек мырза  вице-премьер болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, ага кылмыш иши козголгон. 

 Сарпашев вице-премьер болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматына келишим түзбөстөн экинчи тараптан туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкаларын сатып алууга тапшырма берген. Анда 2013-жылы 28-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкаларын сатып алуу боюнча 8 миллион сомго тендер өткөрүп, ага «У.» ААКы жана «Т.П» ЖЧКлары катышып, экинчиси жеңүүчү деп тапкан. Чынында Финансы министрлиги тендер өткөнү боюнча вице-премьер Сарпашевге кат жөнөткөн. Бирок Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматына туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкаларын бир гана «У.» ААКтын сатып алуусу боюнча мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген. Анын негизинде Мамкаттоонун ошол учурдагы жетекчиси тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзбөстөн «Т.П.» ЖЧКнын башкы директорун «У.» ААКтан 40 миң даана бланкты сатып алууга мажбурлаган. Бул аз келгенсип, Бланктын «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» деген жеринде «Никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк» деп жазылып калган. Бул оркойгон ката болуп эсептелет. Натыйжада туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилгенден кийин 11 миң 690 жарандан арыз келип түшкөн. Алар чек арадан өтүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болуп, кайтадан Кыргызстанга депортацияланганын айтышып, нааразычылыктарын билдиришкен. Мамлекеттик катоо кызматы, Сарпашевдин айынан  11 миң 690 күбөлүктү кайра алмаштырып берди. Дагы 28 миң 312 даана күбөлүктү алмаштыруу милдетин алган. Ошентип, бир атка минердин айынан мамелекет бир нече миллиондогон каражатка зыян тартты. Жыйынтыгында Сарпашевге кылмыш иш козголгону менен, жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Бул ишти  УКМКнын тергөө башкармалыгы карап жатты эле, кыязы УКМКнын ошол кездеги башчысы Абдил Сегизбаев менен Сарпашев  бул ишти жең ичинен бүтүрүп коюшса керек. Бул Сарпашевге тиешелүү бир эле кылмыш иштин кыскача баяны. Эми экинчиси тууралуу да учкай айталы.

Максимдин “майлуу” жерин камактан чыгарып берген

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетектеп турганда  Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук бергени ачыкка чыккан. Учурунда бул иш коомчулукта катуу талкууга алынып, ага жол берген күнөөлүү адам Сарпашевдин жоопко тартылышын эл талап кылган. Ошондон улам, Сарпашевге кылмыш иши козголуп, аны иликтөө үчүн  мекемелер аралык комиссия түзүлгөн болчу. Ал комиссияны ошол кезде да вице болуп турган Жеңиш Разаков жетектеген.  Бирок тилекке каршы бул кылмыш иши да аягына чыкпай, орто жолдон кыскарып кетти. Бул кылмыш иши боюнча да мамлекетке миллиондогон зыян келди. Бирок кылмышкер катары жоопко тартыла турган адам сүттөн ак болуп жүрөт.  Сооронбай Жээнбековдун бийлиги коррупцияга каршы аёосуз күрөш баштагандай болду. Ушул жылдын февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында орто жолдон кыскарып кеткен кылмыш иштер жандантууну тапшырган. Ал тапшырманы укук коргоо органдары карап башташты. Өткөн жумадан бери УКМК кыскарып кеткен кылмыштар боюнча билдирүү таратып, өздөрүнө болушунча упай топтоп жаткандай. Бирок ал кылмыш иштеринин арасында Сарпашевдин кылмыш иштери боюнча бир да маалымат жок. Бул эмнеден кабар берет? Албетте, бул жерде бир мандем бар. Кандай болгон күндө да Сарпашев бул чыккынчылык үчүн, мамлекетке миллиондорду зыян келтиргени боюнча  жооп берип, жазага тартылышы зарыл. Болбосо, коомчулуктун наарзычылыгы дагы да күчөй бермекчи.

Токтогулду тоногон бир тууган Сарпашевдер

 Тайырбек Сарпашевдин кичи мекени касиеттүү Токтогул жергеси экени элге белгилүү. Ал өзү көп жыл бою мамлекеттик кызматтарда иштеп, кыргызга кыянаттык иштерди жасагынын жогоруда йчкай айттык. Ал эми анын токтогул жергесиндеги бир туугнадары да райондук жооптуу кызматтарда иштеп, райондогу ырыстуу делген мекемелерди менчиктеп, элдин байлыгын тартып алуу иштерин ийгиликтүү ишке ашырып жатканын аталган райондун депутаттары ачыктап, элге жарыя кылышты. Алар бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине укуктук баа бере албай жатканына даттанып, ишти ачык териштирүүнү камсыздоо өтүнүчү менен мамлекет башчысына, өкмөткө жана парламентке кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон бир туугандар мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлери, кампалар, мал сарайлар жана дүкөндөр сыяктуу райондогу кирешелүү мүлктөрдүн баарына мыйзамсыз ээлик кылып алып, карапайым калктын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын басмырлаганы айтылган.   Ошондой эле Токтогул районуна суу сактагычтын эсебинен мамлекеттен жылына 70 миллион сомдун айланасында бөлүнгөн фонддун каражаттарын бөлүштүрүүгө дагы таасир этип, мыйзамсыз өткөн тендерлердин негизинде райондогу суу каналдардын, арыктардын жана суу чыгаруучу насостук станциялардын курулуштарына каралган каражат ортодон жок болуп кеткен фактылардын бети ачылбай жабылып жатканы  да айтылат.

Токтогул районунун Торкен айыл аймагынынын депутаты Айдарбек Таабалдиев Сарпашевдер боюнча  “Азаттыкка” буларды айтып берген:   

  — Тайырбек Сарпашев, Тазабек Сарпашев, Памирбек Сарпашев деген бир туугандар кезинде атасына биздин кампаларды, гараждарды жана мал сарайларды болбогон эле акчага менчиктештирип беришкен. Мисалы, Абды Сүйөркуловдун музейин курабыз деген шылтоо менен универмагды алышып, башында анын бир бир бурчуна Абды Сүйөркуловдун сүрөтүн коюшкан эле, кийин ага башка жактан жай бердирте коюшуп, ошону дагы менчиктештирип алышты. Эң эле көйгөйлүү маселе — азыр бизде фонддун эсебинен жерди ижарага алуу машакат. Анткени Сарпашевдер 80-90 гектар сугат жерлерди ээлеп отурушат. Карапайым адамдар ар бир гектары үчүн экинчи-үчүнчү колдон алып, 15-20 миң сомдон ижара акысын төлөсө, булар гектарына 400 сомдон гана төлөйт. Ошол жерлерди 30 жылдык мөөнөткө ижарага алганы боюнча жасалма токтом чыгып калды. Анткени мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы аны болгону ижарага эки жылга эле берген экен. Биз бул боюнча Токтогулдун прокуроруна кайрылсак, ал аны тергөөчүгө тапшырды. Тергөөчү болсо эч кандай чара көрбөй туруп, бул мыйзам бузуулардын баарына көз жуумп, «билгениңерди кылып алгыла» деди.

Ал эми бир тууган Сарпашевдер булардын баарын кайдан мойнуна алсын. Адатагыдай эле баарын таанып, баарын жокко чыгаруу жандалбасында. Токтогулдуктарды тоноп жаткан Сарпашевдердин былыгын ачыктап жаткан жергиликтүү кеңештин депутаты  Айдарбек Табалдиев буларды кошумчалаган: — «Жаңы арык» деген узундугу алты чакырым болгон канал жөн эле казылып коюлган. Ага ушул кезге чейин бир суу чыга элек. Ага баш-аягы 76 миллион сом бөлүнгөн. Суу чыкпаса деле турат. Бирок ага атайын фонд ачылгандан бери эле улам эле бир топ акча бөлүнүп келет. Анын отчетун сурасак бербейт. Анан «Тегерек» деген арык боюнча дагы маселе бар. Ага да суу чыккан эмес. Биздин айылдагы жаңы каналга дагы тендер жарыялабай туруп эле акча бөлүп, казуу иштерин жүргүзө башташты. Бир жарым миллион сом бөлүндү деген ошол объектини биз текшерип барып калсак, курулуш иштерин аткарган компания аны болгону 740 миң сомго эле жасап жатканын айтты.

   Ушуга окшогон казылып, токтоп калган, бирок акчасы эбак жок болуп кеткен каналдар, арыктар бар. Мына ушуларды текшере тургандардын баары өздөрүнөн. Райондун прокурору да, аким да ушулардын көзүн карап турат. Кара-Жыгач айылында дагы узундугу 11 чакырым деп, үч чакырымдык каналды жалгандан айтып, анын тасмасын Тайырбек Сарпашев өзү барып кескен. Ага болсо 56 миллион сом бөлүнгөн экен. Мына ушулардын баарынын үстүндө Тайырбек Сарпашев турат.

Эми жогорку бийлик, укук коргоо органдары былыгы ушунчалык ачыкталып жаткан бир тууган Сарпашевдерге кандай чара көрөт? Жоопко тартабы? Же дагы чала-була кылмыш козгомуш этип,  аягына чыгарбай жолдо калтырабы? Бул жагын убакыт көрсөтөт. Деги эле Сарпашевдерден мамлекетке эмне пайда келди. Сарпашев кызматта турган кезде, дагы бир  бир тууган агасы Эмир  Сарпашевдин  “Градиент” фирмасына “крыша” болуп, мамлекеттик тендерлерде жең ичинде уттуруп, ал боюнча да бир топ ызы-чуу чыккан. Эске сала кетсек, Сарпашевдин кайын атасы кыргызга чоң кыянатчылык кылып кеткен   Тойчубек Касымов  (каймана аты Жолчубек) экени элге белгилүү. Бул адам да кылгын кылмыштуу иштери, жеп алган миллиондору боюнча жоопко тартылбай калды. Бир топ жылдан бери анын жолун карачечекей күйөө баласы Тайырбек Сарпашев жанан анын бир туугандары ийгиликтүү улантып жаткандай. Баса, дагы бир маалыматты кошо кетели. Токтогулдун Толук айыл өкмөтүнө ушул айда эле айыл өкмөт болгон Рамис Сагынбаевдин былыгы ачыкка чыгып калды. Көрсө, анын жогорку окуу жайдан алган билими да шектүү болуп, алган диполму жасалма экени айтылууда. Маалымат катары айта кетсек, Рамис мырзанын чоң атасы  Тайырбек Сарпашевдин чоң атасы Сарпаш  бир тууган экен. Деги,  Сарпашевдерде таза адам барбы?

Булак:Багыт

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here