Шарт болсо, каражат болсо, биздин калктын арасынан нечен бир мыкты спортсмендер чыгат эле. Шүгүр дейли, азыр деле уучубуз куру эмес, мыктылар бар, бирок, өтө эле аз. Ошол аз мыктылардын катарында бокс боюнча чыгаан азаматыбыз Азат Үсөналиев бар. Ал көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү.

Азат Үсөналиев жакында эле Монголияда өткөн эл аралык мелдеште 52 килограмм салмак боюнча жеңүүчү болуп табылды. Бул мелдешке Монголиядан, Казакстандан, Кытайдан,Орусиядан, Индиядан, Түштүк Кореядан ж.б. мамлекеттерден жүздөгөн мушкерлер катышты. Азат жигитибиз моноголдук, кореялык жанан кытайлык мушкерлердин биринин артынан экинчисин паччагын чыгарып чемпион аталды. Бар бол, Азат баатыр!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here