Дарыгер Темирбек Бекбоевдин ысымы кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал. Ал 40 жылдан ашуун мезгилден бери дарыгерлик менен үзгүлтүксүз калкыбыздын ден-соолугуна кам көрүп келет. Биз Темирбек агай менен өзүнүн жеке медициналык мекемеси, дарылоо ыкмасы, медицина тармагындагы көйгөйлөр жана башка маселелер тууралуу маектештик.