Урматтуу окурман, кадырлуу досум!

Өткөндө өз баракчама айтылуу «черный полковник» атанган легендарлуу милициянын полковниги тууралуу сөз кылаарымды айткан элем. Макушев Ташибек Абасович, Чүй областынын Шамшы айылында 1959-жылы туулган. 31 жыл мамлекетке кызмат өтөп анын 29 жылын опер кызматына арнап эң мыкты көрсөткүчтөрдү берген. Учурунда Рысбек Акматбаевди, Азиз Батукаевди абака отургузган «өрт» опер кызматкери болгон. Бишкек шаардык милициясын башкарып, кыргыз милициясына мурда болуп көрбөгөндөй «дух» берип, көптөгөн кылмыштуу топторду темир тор артына киргизген. Бул тууралуу да өзүнчө кеп болот. Азыр Макушев Ташибектин кечээ 2000-жылдын ноябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кантип өлүмдөн сактап калганы туурасында кыскача кебине көңүлүңөрдү бурсам.

Арыбаңыз Ташибек ага, окуя кандай болгон, чындап эле Атамбаевге кол салуу болгонбу?

Фото Ильича Кулназарова.

Албетте бул ойлонуп табылган окуя эмес, бирок Алмазбек Шаршеновичти «киллердин» огунан сактап калганым кашкайган чындык. 3-4 мүнөт кечиккенибизде Кыргызавтомаштын алдынан киллердин огунан каза тапмак, тигил «киллер» мурдатан даярдалган мотоциклге отурмак да кетмек. Бирок биздин оперативдүү маалыматтар так жана убакыт саатына чейин билгендиктен биз сактап калдык.

Бул операцияга сизден сырткары кимдер катышкан, алар азыр барбы?

Албетте операцияны мен өзүм жетектегем, ага Бакыт Матисаков, Бакыт Парманкулов жана башкалар катышып билген, операция учурунда мыкты профессионалдык ишмердиктерин көрсөтүшкөн.

«Киллер» өзү эле болгонбу, анын аты жөнү жарыяланганбы?

Алар экөө болгон, бирөөсүн мен жеке өзүм кармагам, аты жөнүн айтсам Сурайкин деген неме болчу, экинчисиники эсимен чыгып кетти. «Киллерди» кармаганым үчүн анын аты жөнү али күнчө кулагымда калып калган.

Алмазбек Атамбаев өзү көрдүбү анын өмүрүнө кол салчу адамдарды?

Ага айтылганы менен башында анча маани берген жок. Менин иш бөлмөмө келип адатынча бакылдап кимдер экен деп опурулуп жатты. Мен ылдый жактагы нөөмөт бөлүмүнө чалдым да «киллерди» алып келгиле деп буйрук бердим. Мен анда шаардык милициянын башчысы элем. Колдоруна кишен салынган Сурайкин кирип келип эле Атамбаевди көрүп, «багың тоодой экен, 2-3 мүнөт болгондо жер кучактап жатмаксың, сени жайламакмын» деп кыйкырып өкүрө баштады. Мен алып кеткиле дедим. Ошондо анан Алмаз Шаршенович эки көзүнөн жашы тоголонуп чындап өмүрүнө коркунуч жаралганын жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезди. Мени кучактап ырахматын айтты. Көп нерсени убадалады, мен сени калтырбайм деген сөздөрдү айтып анан кетти. Андан кийин мен бир да жолу жардам сураган жокмун, тек гана кызматтык профессионалдык милдетимди аткардым. Кийин 1 000 000 сом берип жиберген экен мен аны өмүрүн тобокелге салып атайын операцияга катышкан балдарга бөлүп бердим.

«Киллер» албетте ал аткаруучу гана, ал эми буйрукту ким бергени сизге маалымбы?

Албетте кийин билдим, маалым болду, бирок аны сиз да, башкалар да билбейт. Ал менин ичимде гана жүргөн сыр. Жалпы элге учурунда оперативдик маалыматтар боюнча кармадык деп гана айтылган.

Муну эмне үчүн азыр айтып жатасыз, Алмазбек Шаршенович президент болуп турган учурунда деле айтсаңыз болмок беле?

Албетте өзүнө гана айтууга аракеттер болду, жакын адамдарына жеке ага гана жолуктур деп кайрылдым. Алар жеткирген жокпу же өзү көңүлдөнбөдүбү билбейм. 2016-жылы Фарид Ниязов президенттин аппарат жетекчиси болуп турганда ага «Деньги и власть» гезитинин башкы редактору Турат Акимов расмий кат жолдоп, мени жеке президент менен жолуктуруп берүүнү өтүнгөн. Бирок Атамбаев Францияда иш сапарда болуп жолугушуу болбой калган. Андан сырткары Турат Акимовго да түшүнүксүз жагдайда кол салуу болуп, ошондон кийин ага жолуккум деле келген жок. Азыр деле ынтызар эмесмин, тек гана учурунда бул эле эмес канча өмүрлөрдү сактап, милицияда ак эмгек кылганымды гана эскерип өттүм.

Азыркы милицияга кандай баа бересиз?

КандаФото Ильича Кулназарова.й баа бермек элем милиция бүгүн болуп көрбөгөндөй чечкиндүү реформага өзү муктаж болуп турат. Өтө эле эл оозуна терс көрүнүштөр менен алынып кетти. Кыргыз милициясынын ондогон жылдык тарыхы бар, аларга азыр дем, күч берип сүйрөш керек. Элге чыгып, эл менен бирге иштеп, алардын ишенимин кайтаруу керек. Ошондо эл колдоп турса депутаттар да чакырып алып кине кое албайт. Милициянын кадыр баркын көтөрүү маселеси азыр суу менен абадай эле керек болуп турат.

Учурда эмне иш менен алексиз?

Мен учурда Шамшыда мал-чарба, жер иштетүү менен алекмин. Күнүгө 20 чакырым турган Токмокко велосипедчен иштерим менен каттайм. Кадимкидей чуркап спорт менен машыгам, «бөрү карыса да бир койлук алы бар» демекчи жаш спецназ балдар менен тең тайлашам (күлүп). Эми жигиттер үчүн 55 жаш эмне кеп эмес да.

Фото Ильича Кулназарова.

 

Маегиңиз үчүн чоң рахмат Ташибек ага!

Маектешкен: Ильич Кулназаров

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here