Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсүн Lexus LX570 автоунаасы менен алдыга сүйрөгөн айдоочу — 43 жаштагы Балтабаева Нүргүл Ташполотовна экендиги маалым болду. Бул тууралуу turmush жазып чыкты.

Айдоочунун аты-жөнүнө караганда 43 жаштагы аял Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы болгон . Ал эми күйөөсү Ички иштер министрлигинин Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы башкармалыгынын мурдагы башчысы Алымжан Козубаев экен.

Окуя, 31- майда  Бишкек шаарында болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here