Британиянын Лид университетинин окумуштуулары бейтапканаларда ички инфекцияларга каршы жаӊы метод ойлоп табышты. Окумуштуулар доктурлардын колдоруна маани беришкен. Себеби, алар бейтаптар жаткан палатага кирээрде эмес, атайын процедура жасай турган палатага кирээрде колдорун дезинфекциялашат. Алардын колдору аркылуу бир микроб башка бейтапка жугат. Мындай көйгөйдү чечүүчү нерсе темир эшиктин туткасы болгон. Тутканы кармап ачаарда темир пластинадан атайын антисептик чыгып, биз айтып жаткан микробдорду тазалайт. Ал антисептик бир жумага жетет. Андан кийин алмаштырып койсо болот.

Салтанат Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here