Түндүк Кипрдин Гирне шаарындагы 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеп, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөн.

Маалыматта:  Кыргыз жигитке  7-8 жолу бычак сайылганы,  учурда  анын абалы оор, комада жатканы айтылат. Бул кылмыштуу окуя  24-майда Гирне шаарында болгон. Алгач кыргыз жигити боюнча тез жардам кызматына: «көп кабаттуу үйдөн кулады» деген кабар айтылган.  Бул кылмышка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Иликтөө башталган.

Тилекке каршы, кыргыз жигити алган жараатынан улам каза таап калган.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Түндүк Кипрде бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран жашап, иштейт. Негизинен алар тейлөө кызматтарында, казино-ресторандарда иштеп келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here