Кыргызстандагы “Бозумчак” кенин иштеткен казакстандык «КАЗ Минералс Бозымчак» компаниясынын директору, миллиардер Ильяс Тулекеев үй камагына чыкты. Ага «салыкты жаап-жашырган», кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, салык төлөөдөн качып, 2015-жылы 9760 тоннадан ашык алтын концентратын чыгарып кеткен деген айып тагылып, Казакстанга кетер алдында кармалган. Жыйынтыгында ал салыкка төкпөй койгон 55 миллион сомду мамлекеттик казынага төгүп берди. Тулекеев » Казминералс Бозымчак » ишканасын түзүлгөндөн бери жетектеп келет. Компания Ала-Букадагы “Бозумчак” кенин иштетет.