Тарых музейин капиталдык оӊдоп-түздөөдөн өткөргөн СМУ-3  курулуш ишканасынын жетекчиси Айдарбек Мендеев мырза, Chagylgan kg.ге  берген маегинде музейди оӊдоо учурунда эч кандай коррупцияга, уурдап-тоноого жол берилбегенин, кеткен акчанын ар бир тыйынына жооп бере турганын ишенимдүү айтып берди. «Ата Мекен» фракциясынын айрым депутаттары музейден 13 миллион доллар уурдалган» деп айтканы териштирилбеген эле жөн гана сөз экенин баса белгилеп, музейде 13 миллион доллар эмес, 13 миӊ сом да уурдалбаганын айтты. Учурда тергөө менен кызматташып, баардык сарпталган чыгымдардын бир тыйынына чейин маалымат берилип жатканын ж.б. кызык жагдайларды кенен айтып берди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here