Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда кол койду. 60 жаштын астанасын аттап турган Туйгунаалы Абдраимов буга чейин  Саламаттыкты сактоо министри, Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси, Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет жетектеген. Элге Атамбаевдин  жакын санаалашы катары белгилүү. БШКны башкарып турганда бир топ “быкшыган”  иштерди жасаганы тууралуу маалыматтар ЖМКда көп жазылды. Бирок  ал иштери үчүн жооп бермек тургай, кайра тескерисинче экс-ажодон мамлекеттик сыйлыкты уялбай эле алгандардын катарында. Анан Жээнбеков аны Чүйгө эмне үчүн губернатор кылып койду, коомчулукка кызык болуп турат. Бирок азыркы бийликке деле Чүйдөн электорат керек да. Эң ириде ушул жагы эске алынды го. Бирок Туйгун мырзанын Чүйдө деле кадыр-баркы ченелүү.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here