Кочкор районунун Теңдик айылынан 20 жыл мурун орто мектепти бүтүрүп кеткен Эрлан Салмоорбеков өзү окуган Калыгул Бай уулу атындагы орто мектепке Калыгул олуянын эстелигин өз каражатына тургузуп берди. Бул эстеликтин туруп калышына мектеп жамааты да бир аз салым кошкон. Эстеликтин ачылыш аземинде Калыгул олуянын урпактары Эрлан мырзага алкыш айтып, калпак-чепкен кийгизишкен. Чынында бул башкаларга чоң үлгү боло турчу иш болуп калды. Эмнеге дегенде айрым жыйырма жылдык бүтүрүүчүлөр айтылуу инсандардын айкелин турузбай эле,  мектепке да, айылга да эч нерсе жазабай эле, өздөрү эле жыргап-чордоп тарап кетишкенин угуп,көрүп жүрөбүз. Аларга салыштырмалуу, Эрлан мырза тарыхта кала турган таасын иш жасап коюптур

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here