Москвада Кыргызстандын жаранын өлгүчө сабаган кишилердин ким экени такталып, аларга издөө жарыяланганын ИИМден билдиришти.
Маалыматта:  Жакында, ата мекендик маалыматтык агенттиктерде Москва шаарында 28 жаштагы Кыргызстандын жаранын арматура менен сабап өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Маалыматта белгисиз адамдар Кыргызстандын жараны Урмат Мамбетовдун денесине оор залал келтирүүнүн кесепетинен каза болгондугу жазылган. Андан сырткары, жабырлануучунун жанында жүргөн кыз  денесинен жаракат алган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү тарабынан аталган фактыга тиешеси бар жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү маалыматтарды чогултуу үчүн керектүү чаралар көрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча 2018-жылдын 14-май күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Красногорск бульварында жайгашкан №26 үйдүн жанындагы Москва дарыясынын жээгинен Кыргызстандын жараны 1991-жылы туулган Мамбетов Урмат баш сөөгүнөн жаракат алган. Жабырлануучу Красногорск шаардык №1 ооруканасына тез жардам кызматы тарабынан жеткирилип, эсине келбей алган жаракатынын айынан каза болгон.
Эксперттердин корутундусу менен башына урулган соккудан улам, баш мээсине кан уюп калгандыгы аныкталган.
Андан сырткары, аталган ооруканага баш сөөгүнөн жаракат алган Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусунун 1992-жылы туулган М.А. аттуу жашоочусу дагы жеткирилип, медициналык кароодон өтүп, учурда даарыланып жатат.
Жогорудагы факты боюнча 2018-жылдын 16-май күнү Москва облусу боюнча Тергөө комитетинин Красногорск шаарындагы тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүнө (денеге оор залал келтирүү менен кокустуктан адам өлүмүнө алып келүү) ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү Москва шаары жана Москва облустары боюнча аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте аталган фактыга тиешеси бар адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшүп, күбөөлөр шектүүлөр боюнча маалымат беришкен. Кошумча жургүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар 1992-жылы туулган Р.Н. жана 1995-жылы туулган Р.И. аттуулар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда Россия Федерациясынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүлөрдү федералдык издөөгө алуу маселелери чечилүүдө.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here