Жакында эле Бажы кызматынын башына Алмаз Оңолбеков дайындалган. Ал 1993-жылдан бери ушул тармакта иштегени менен чоң кызматтарды аркалабай, болгону бөлүм башчылык гана кызматка жетиптир. Анан калса, ал 7-апрелде элге ок чыгарган Бакиевдердин  жан -жөкөрлөрүн сотто актап салган судья Дамир Оңолбековдун бир тууган иниси экени айтылган. Өмүр баяндарында туулган жери катары Чүй  өрөөнү көрсөтүлгөнү менен булардын жерлиги Токтогул экен. Оңолбеков Бажынын башына келери менен оң иштерден баштабай, тескери иштер көп жасалып жатканы боюнча көп маалыматтар чыгып жатат. Көрсө, ал “легендарлуу коррупционер” атка конгон “Раиммиллиондун” ишенимдүү кадрларынан экен. Сөздүн кыскасы,  ал Райымбек Матраимовдун айтканын айткандай, дегенин дегендей кылып жатат дешет. Маселен, эки күндүн ичинде өз ишин мыкты билген жана анча билбегендерин кошкондо 100 кызматкерди иштен кетириптир. Эми алардын ордуна бир тобун “Раиммиллиондун” кадрларын дайындап, өзүнчө бир команда кылып шуурудай тизип жатат. Буга жогорку бийлик негедир анчалык көңүл бурбай жатыптыр. Оӊолбеков бул темп менен кетсе, оңдурбайт го.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here