Бир кезде «коррупция» дегенди түшүнбөй, бири-бирибизден сурап, сөздүктөрдөн карап таппай турчу элек. Эми болсо, коррупция дегениң жуткан абабыздай, ичкен суубуздай, таткан тузубуздай болду, биз менен кошо, жо-ок, бизден озо кадам таштап, алдынан чыккандарды тебелеп-тепсеп, ооз тарттырбай кетип барат! Коррупция дегениң тили чыккан баладан, кемшийген кемпир менен абышкага чейин дайын болду! Ооба, коррупция биздин турмуштун  бир үзүмүн эмес, ошол турмушубуздун өзүн түзүп калды!

Кыргыз эли башына түшкөн далай кыйынчылыктарды жеңип келген: далай ачкачылыкты жеңген, далай баскынчы душмандарды жеңген, калкты баскан оорулардын түрүн жеңген, эчендеген табият кырсыгын жеңген… алды, коррупция деген жексурду жеңе албай койду! Анткени, бул коррупция дегениң башка эч бир кырсыкка окшобогон табияты бар экен, ал баштан сылап туруп, кучактай өөп туруп курутат экен, анын эч ким чыга албас кучагына кантип кирип кеткениңди билбей калат экенсиң! Коррупция дегениң бирде жомоктогудай азезил болсо, бирде жети баштуу желмогуз болот экен, бирде дагы эле жомоктогудай өткүр жигит болсо, бирде ченде жок сулуу болот экен… Кай учур болсо да адам баласын багынтып турат экен!

Коррупция дегениң биздин элди, ал эгемендик алгандан кийин күтүүсүз басты, биринчи президентибиз Аскар Акаев менен кошо келди. Анан Бакиев заманында «эрке талтаң» болду. Бийлик Алмазбек Атамбаевге тийгенде коррупцияга каршы сокку урула баштады. Бирок, коррупция дегениң небактан небак тамырын терең жайып, бүткүл турмушубузду чырмап калган, Атамбаевдин аракети өтө эле жетишсиз болду, эми болсо, коррупцияң  өзү чапкан жол менен зымырап кетип баратканы…

Сооронбай Жээнбеков бийликке келгени  ишин катуу баштады, коррупцияны алып түшмөй болду. Ал тилеги аппак болчу. Бирок, Жээнбеков коррупциянын турмушубузга кайткыс болуп сиңгенин, турмушубузга тамырлаш болуп алганын терең туйган жок, ага эми таптакыр эле алы жетпесин да билген жок. Коррупцияга каршы күрөш дале болсо чогулуштарда көп айтылып, иш жүзүндө майнабы көрүнбөй турат… Бир коррупционер кармалса, бержакта ону мыйгынан күлүп карап турбайбы!

Баса, азыр коррупцияга каршы күрөш- биринчи иретте, Алмазбек Атамбаевдин кадрларына сокку урууга айлангандай болуп турат. Бул абалды Жээнбеков алып келдиби же жөкөрлөрү эле жасап жатабы, белгисиз. Ай ушу, жөкөрлөрү  анча батынбайт эле… Деле кимдин кадры болсо да коррупционерге сокку урулушу керек! Маселен, Атамбаевдин кадры эсептелген Кубанычбек Кулматовго кылмыш иши козголду. Ал аябай кутурган, жалаң акчалуу кызматтарда олтуруп каалаганын кылган. Эми жооп берчү мезгил келди. «Мага саясий куугунтук болуп жатат» деп ошол чыгаан коррупционер тамагынын жамандыгын саясатка байланыштыргысы бар. Бул жерден эч кандай саясат жок. Жегенин кузсун!

Коррупция менен күрөшчү башкы органдын- генпрокуратуранын Улан Чалбаев деген кызматкери 200 миң доллар пара алса, андан мурун Термечиков  дегени дагы 200 миң доллар  алса, башкасын айтып не?! Жакшы, алар  кармалды, бирок, ал жерде пара алган толгон фактлар болсо керек. Ошол жерде иштеген кызматкерлердин жашаган үйлөрүн караңыз, айдаган машиналарын караңыз, дагы башка байлыктарын караңыз, анан баары түшүнүктүү болот… Генпрокуратураны түп тамырынан бери өзгөртүп, жалаң гана булгана элек жаштардан алып келмейин иш оңолбойт!

Камап, соттоп, иш козгоп, дагы далай аракеттерди жасап коррупцияны токтотууга болбой калды. Антүүнүн убактысы өтүп кеткен!

Мен момундай бир нерсени сунуш кылар элем: Сооронбай Жээнбеков, кайсы бир базар күнү, Дастан Жумабеков менен Мукамбеткалый Абылгазиевди дачадагы үйүнө чакырып, дасторкон үстүндө айтышы керек: «Урматтуу Дастан, урматтуу Мукамбеткалый инилерим, мен силерди өтө чоң иш менен чакырдым. Өзүңөр билесиңер, азыр коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат, бирок, күрөш канчалык катуу жүргөн сайын, коррупцияң ошончолук көбөйүп жатат. Эми биздин бир гана жол калды, ал – тобо келтирип, топук кылуу. Бул деген кыргыз улутунун эң Улуу да, эң ыйык да мааниси бар нерсеси. Ошону пир туталы. Үчөөбүздүн баскан жолдо коррупцияга «мүдүрүлгөн» кезибиз болсо, баарын унуталы, мындан ары акактай ак болуп жашайлы. Ошентип жашайбыз деп Куран кармап, Конституциябызды кармап карганбайлы, ант да бербейли, бизген чейин андайдын баарын жасашкан. Биз жөн гана жигитчилик сөзүбүздү берели. «Жигитчилик сөз»- барыдан жогору турат!»

Жээнбековдун бу сөзүнөн кийин үчөө тең «тобо келтирип, топук кылып жашоого жигиттик сөзүдү берем» дегенди айтып кол алышат. Ал ал болот. Анан Жээнбеков президенттик аппаратын чогултуп, баарынын «тобо келтирип, топук кылып жашоого» убадасүн алат.

Дастан Жумабеков депутаттарына кошуп Жогорку Кеңештин аппаратын кошуп туруп «… топук кылып жашоого» убада  алат.  Муканбеткалый Абылгазиев Өкмөт курамын аппаратына кошуп чакырып «… тобук кылып жашоого» убада алат.   Анан эмне болот? Анан болчусу боло берет, коррупцияң токтобойт. Эмнеге?! Көрсө, кыргызда «жигиттик сөз» дегендин өзүн коррупция мурун эле жайлап салыптыр! Аны жутуп коюптур! Эми «жигитчилик сөз» дегендин мааниси  «айтыла берчү» сөзгө айланып, ыйык маанисин жоготкон тура! Фантазиялап жатып да коррупцияны токтотууга болбой калганын жакшы түшүнүп турам!..

Коррупция кыргыз элин ушунчалык ныгыра басыптыр, аны сүрөттөп беришке сөз жок. Жылуулук борборун оңдосо, электр линиясын тартса, мектептерди, бакчаларды курса, жол, көпүрө салса… «сүйүнчү пул» төлөсө, дегеле кыбыр эткен жердин баарын коррупция баскан! А турсун, сөөгүң жерге берилгенде да коррупция коштоп жүрөт!   Коррупция кандай болгондо токтойт? Анын бир гана жолу бар: азыркы адамзат жашоосу жок болуп, кайрадан адам баласы пайда болуп, жашоо нөлдөн башталганда коррупция жок болот. Бирок, анын ошол жаңы адамзат күндөрүнүн биринде кайрадан пайда болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт! Коркунуч ушул жерде…

Азырынча болсо, коррупцияга күрөшкөн түр көрсөтүп, байма-бай чогулуштарды өткөзүп, бирин-серин коррупционерлерди кармаган болуп, жегендерин куздурган болуп жашоону улаш керек…        Коррупцияга каршы күрөш жүргүзө турган соттор, прокуратура, милиция анан УКМК дагы коррупцияга алдырып жатса, коррупция менен ким күрөшөт?! Айла кеткен иш ушул жерде!..

Автор:   Баратбай Аракеев

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here