«Кыргызгидромет» эртең күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн деген маалымат таратты. Ал эми борбор шаарда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын табы түнкүсүн 7 -9, күндүз 21 -23 градуска чейин көтөрүлөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градус болот.