Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин белгилөө үчүн Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да кызуу даярдык жүрүп жатат. Бул иш болуп көрбөгөндөй масштабда боло турган. Болсун! Анткени, Айтматовдун адам баласына сиңирген эмгеги өлчөөсүз. Анын юбилейин кандай майрамдасак да жарашат!

       Аз күн мурун Каракол шаарынаСовет доорундагыдай эле  «күркүрөгөн» Жумагул Сааданбеков башында турган «сынган бугулар» Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов,  Түгөлбай Казаков, Эсенбай Нурушев, Кемелбек Ашыралиевдер Сааданбековдун Айтматов жөнүндөгү китебин презентациялап, анан университеттин маңдайындагы аянтты «Айтматов аянты» кылуу салтанатына катышып келишти.

Аянтты Айтматов аянты кылуу чечими Каракол шаардык кеңешине татыктуу экен. Аталган аянт Касым Тыныстанов атындагы Каракол университетинин башкы корпусунун маңдайында, аянттын четинде Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин эстелиги турат, аянт Тыныстанов атындагы көчөгө кирет. Ушундай болгондон кийин кичине мээни иштетип туруп, бир залкардын арбагын дагы бир залкарга каршы койбой, аянтты «Тыныстанов атындагы» кылып,  Айтматовго башка жерге деле ат берсе болмок, маселен, шаардын Пушкин атындагы паркын Айтматов атындагы кылып атаса, жарашып жатып калмак! Пушкинге жүгүнүп деле бүттүк го… Саякбай турганда Пушкин-сушкиндерге жол жок…

Тыныстанов алгачкы окуумуштуулардан, ал Төрөкул Айтматовдор менен иштеген, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өмүрүн берген кыргыздын оңой эмес исандарынан. Анан ага жогорудагыдай мамиле жасоого болбойт.   Жеке мен Айтматовго Каракол шаарынын атын берсе да каршы эмесмин. Бирок, Тыныстановдой залкар адамга таандык аянтка анын атын берүүгө каршымын!

 Автор:   Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here