Балыкчы шаарындагы ооруканага катуу сабалган 2 жаштагы бала жеткирилди. Баланын бети-башы, денеси көк ала болуп, оор жаракат алган.

Turmush басылмасына маалым болгондой, жабырлануучу Д.С. 2016-жылы туулган. Окуя 27-майда кечке маал болуп, кичинекей баланын тынбай ыйлаганын алгач кошуналары угушкан. Алар үйдүн терезесинен аял киши баланы сабап жатканын көрүп, милицияга кабар берилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, балага кол салган аял анын атасынын инисинин аялы. Учурда Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми баланы сабады деп шектелген аял азыркы тапта үйүндө.

Жогорку даражадагы соттук-медициналык эксперт А.Койгелдиев экспертизанын алгачкы жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, баланын бети-башында, жамбаш тарабында, колу-буттарында көк ала тактар, канталоо болуп, жаракат алганы аныкталган.

«Бала өзү жыгылганда мындай жаракат албайт», — дейт ал.
Ал эми корутундунун акыркы жыйынтыгы жабыркаган бала ооруканадан дарыланып чыккандан кийин жарыяланат.
Булак: turmush.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here