Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагына караштуу Студенттер айылынын 78 жаштагы тургуну Нуркалый Жакеев 7 күндөн бери дайынсыз жоголууда. Ал союз учурунда милиция кызматында иштеп, майор чинин алган.

Күйөө баласы Алмаздын айтымында, 22-майда кечки саат 19:30 чамасында Сокулук районунда мал сарай өрттөнүп, Нуркалый Жакеев Студенттер айылына кырсык болгон жерге барган.
«Ошол күнү саат 18:00дө кошунабызга койлорду кезүүгө кошкону сүйлөшкөнү кеткен. Кошунабыз малды айылдын четиндеги талаада кайтарат. Бирок ал “койлорду ала албайм, өзүмдүн койлорум көп болуп кетти” дептир. Андан чыгып келе жатса айылдын ары жагында кашардын чөбү өрттөнүп жатыптыр. Элдин баары кырсык болгон жерге жардамга баратса, аларга кошулуп биздин атабыз дагы барыптыр. Караӊгыда көзү да жакшы көрбөйт. Ал өрт кечкурун, күн батып бара жатканда болгон. Атабыз ал жактан кайра үй жакка келе жатканын кичинекей балдар көрүптүр. Ортодон көпүрөдөн өтүп, үйгө бара турчу жолду таппай жатканда бир балага жолугуптур. Экөө учурашып, андан ары басып кеткен экен.

Атам өзү ИИМдин ардагери, союз маалында майор чинин алган. Эки уул, эки кызы бар. Эс акылы жакшы эле. Ал мурунку милиция кызматкери болгондуктан үйдү таап келет эле. Атам кыргыз, казак, орус тилдеринде сүйлөйт. Түбү Нарындын Ат-Башы районунан.

Биз 23-майда кечинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө барып арызыбызды таштап келгенбиз. Түнкү саат 24:00дө оперативдүү топ келип кетишкен. Андан бери милиция кызматкерлеринен бир да кабар жок. Өзүбүз атабыздын сүрөтүн чыгарып, базарларга чаптап келдик. Туугандын баары биригип алып айылдын тегерегин, ал тургай тигил жагы Төрт-Күл, бул жагы Совхоз айылдарына чейин кыдырып, издеп жатабыз», — деди ал.

Нуркалый Жакеев 1940-жылы төрөлгөн.

Кийген кийимдери: кочкул жашыл түстөгү футболка, каралжын көк түстөгү шым, кол сааты бар.

Сокулук РИИБдин маалыматына караганда, Студенттер айылынын 78 жаштагы тургуну Нуркалый Жакеевди издөө иштери жүрүп жатат.

«24-майда аталган кишинин жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн. Учурда издөө иштери башталды», — деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Нуркалый Жакеевдин кайда жүргөндүгүн билгендер 0708 70 44 07, 0702 70 03 70 же милициянын 0707 43 41 70 номуруна чала алышат.

Булак:.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here