УКМК Бишкек шаарында отургузулган көчөттөрдү сатып алуу боюнча “Жашылдандыруу чарбасы”  мекемесинин кызматкерлерине карата  кылмыш ишин козголду. Тергөө Бишкек  мэриясы 2017-жылдын бюджеттик планына ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 60 млн. сом бекитилгенин аныктаган. “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы менен «Арт Грин” ЖЧКсынын ортосунда 18 млн. 615 980 сомдук төрт келишим түзгөн.  Келишим боюнча көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9090 сомдон сатып алуу тууралуу 2017-жылдын 23-октябрында кол коюлган келишим да бар.

Мындан сырткары “АГТ Азия” ЖЧКсы менен 8 млн. 948 816 сомдук эки келишим, “Зиар Строй” ЖЧКсы менен 14 млн. 481 миң сомдук алты келишим түзүлгөн. Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча текшерүү жүрүп жатат.  Ал эми «Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы 9 миң сомдон ашканы  көчөттөрдү  атайын комиссиянын, экологдордун сунушу менен алынганын айткан. Буга чейин белгилүү болгондой 9 миӊ сомдон ашкан көчөттөрдүн айрымдары өспө эле куурап калган. Ал боюнча тасманы береги шилтемеден көрүӊөүздөр:

https://www.facebook.com/profile.php?id=100007812857623&sk=videos_by

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here