Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу turmush.kg жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай  олгон адамдын денесинин жатканына 10 кундой болгон. Ал студенттер айылындагы мүрзөнүн астында жайгашкан айдоо аянттан табылган.
«Биз бул адамдын сөөгүн көргөндө эле милиция кызматкерлерине кабарлаганбыз. Бирок ушул күнгө чейин эч ким алып кетпептир. Ал адамдын денеси көгөрүп, карарып, сасып кетиптир. Аялбы же эркекпи, улуту ким экени да белгисиз. Аны атайын кездемеге ороп таштап кеткен сыяктуу», — деп билдиришкен  тургундар.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here