Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы  Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин  17-июнга чейин камакка алганын кабарлады.  Айбашев 25-майда ушул кызмат тарабынан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Маалыматта:  Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев “А” ЖЧКсынын өкүлү менен мурдатан сүйлөшүп алып, Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө көмөктөшкөнү аныкталгандыгы тергөөдөн кийин аныкталгандыгы айтылат.  Тергөөнөн маалыматында: 2015-жылы Айбашев менен аффилирленген “А” фирмасы “U.Q.I.T.C.L.” фирмасы менен Кытайга тери, бут кийим жана башка ушул багыттагы товарларды ташуу тууралуу келишим түзгөн. Кийин Айбашев Бажы Биримдигинин Бажы кодексин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен товарларды атайылап жалган идентификациялоо аркылуу бажы аймагынан сырткары бажы процедурасын колдонууга уруксат берип салгандыгы белгиленген. Айбашевдин мындай чечими менен “А” фирмасы бажы аймагынан сырткары тери иштетүүгө укук алып калганы айтылат. Өз кезегинде “А” фирмасы Мамлекеттик бажы кызматынын бул уруксатынын шарттарын бузуу аркылуу товарды товарларды кайра иштетүүчү “U.Q.I.T.C.L.” фирмасына эмес, башка “S.K.” аттуу компанияга жеткирип турган. Товарларды бажы аймагынан сырткары өндүрүүгө мыйзамсыз берилген уруксаттын натыйжасында 166 млн. сом бажы төлөмү мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы маалымдалды. Буга чейин айрым маалыматтарда Айбашевдин үйүн тинткен кезде баасы 50 миӊ долларды чапчыган 25 алтын саат чыккандыгы айтылган. 

Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү учуру. Оперативдик видео.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here