Кыргызстанда жасалган бир тонна бешбармак 25-май күнү Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучулары билдиришти.

25-май күнү түштөн кийин расмий жооп келди. Биздин бешбармак жаңы рекорд катары катталды. Буга чейин биринчи жана экинчи турларды өткөнбүз, ошонун жыйынтыгы чыгарылыптыр. Гиннестин рекорддор китебининин башкы кеңсеси Лондон шаарында, биз ошол жакка абдан көп докумменттерди, видео, сүрөт, маалымкаттарды жибердик эле, бардыгын карап чыгышыптыр. Эми биз рекорд койдук деп мактана алабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 117 метрлик чучук рекордго талапкер катары жөнөтүлгөн эмес.

Эскерте кетсек , ушул жылдын  11-мартында бир тонна бешбармак, 110 метр чучук жасалып,  Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети ийгиликтүү аяктаган.

Фото Балбака Тулобаева.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here