Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы мектепти 20 жыл мурун бүтүргөндөр айылга бийиктиги 15 метр болгон желек орнотушканын turmush.kg жазып чыкты.
Маалыматта:  туу көтөрүү салтанатына Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Адыл Сапаров, Жумгал райондук токой чарбасынын жетекчиси Бердибек Самудинов, Баш-Кууганды айылдык кеңешинин төрагасы К.Ажыгулов, айылдын ардактуу аксакалдары жана айыл тургундары катышканы айтылат. Кыргыз мамлекетинин бул желегин орнотууга жалпысынан 70 миң сом кеткен.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here