(Жазуучу, журналист Баратбай Аракеевдин досу Шайлообек Дүйшеевге буга чейин  жазган катын бул шилтемеден окуӊуздар)

Шайлообек Дүйшеев: Досум Баратбай Аракеевге жооп…

    Баратбай, катыңа жооп жазып атып, ал кездеги каттар эсиме түштү. Бир буту жоон сандан жок, бирок колтугундагы балдагына таяна калып, ээрге “лап” олтуруп бастырып жөнөгөн, аты улам бир үйгө өзү эле барып токтоп, канжыгадагы сумкасынан ар кимдин короосуна гезит ыргытып кетип бараткан почтоочу—чолок Маматайды эстедим. Азыр ошол Маматай акем да, окуйлекте эле “ырас болбодубу кагылайын, от тамызгы жокто Маматай келип жыргатпадыбы!” деп” деп колтугуна гезиттерди кысып алып сүйүнүп, бүкчүңдөпгөн бойдон ашкан үйгө “желип” бараткан жеринен Батма энемдин токтотуп, “окугандан кийин жакпайсыңбы?” деп колунан жулуп алып, баш көтөрбөй бир сыйра карап чыгып таштап койгон гезиттер, күттүрүп, сагынтып жүрүп анда-санда келе калган конверттеги каттар да жок…

                                          *  *  *

Кайран гана каттар! Каттар бизге сулуу жазганды, сабаттуу жазганды, аларды эле эмес, көнүлүбүздө айткыбыз келгенди, бетме-бет келгенде айталбаган нерселерибизди, айтканды, жазгыбыз келген нерселерибизди жазганды үйрөтпөдү беле? Каттар бизге күткөн кандай болорун, сагыныч кандай болорун үйрөтпөдү беле?  Каттардын да кадимикидей сырдуу касиети, кармаарыбыз менен бүткөн бойду жылытып жиберген өзгөчө бир табы бар эмес беле?

*  *  *

…Каттар, каттар, сакталбаган, сакталган,

Каттар, каттар көкүрөккө жатталган.

Жок болушуп далай каттар дайынсыз,

Жооп бергенден далай каттар жазганган.

Анткен менен махабаттуу ал каттар.

Жоокерлердей өз милдетин аткарган.

Алгач биздин ырга болгон шыгыбыз,

Сүйгөн кызга кат жазуудан башталган…

*  *  *

Ушуларды ойлодум. Көрсө көп нерсеге жетебиз деп көп нерсени жоготупбуз. Кат менен кошо күтүүнүн кадырын, сагынуунун кадырын жоготупбуз. Ар бир үй жол карап тоскон, күтүп тоскон Маматай өңдүү почтоочуларыбызды жоготупбуз. Жоготкон нерсени кайра табыш кыйын экен. Жоготкон нерседен өткөн кымбат нерсе болбойт экен.

*  *  *

Пенсияңдын айласыз аз экенин билем. Атыңды атпай кыргыз жакшы тааныйт, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер” деген ардактуу наамың бар. Бирок баягы “аты улук, супурасы курук” дегендей пенсияң айласыз аз. Айтпайле коеюун. Бирөөлөр укса күлкүсү келет. Андан көрө Өкмөт кагаздагы карандай наамдын ордуна 10 миң сом берип койсо дурус болбойт беле. Менин аялым өмүр бою мугалим болуп иштеп жүрүп, аягында 1000 сом менен пенсияга чыккан. Мен деле кыйраткан пенсия албай калат белем,  “Эл акынын” алгандан кийин персоналдык пенсияга илинип жаным калды.

*  *  *

Баратбай, бир кезде шведдердин таман алдында тепселип, бизден да жаман абалда жашап турган Финляндия туңгуюкта турган кезде жаштар ойгонуп, элин илим-билимге, маданиятка жетелеп жүрүп бүгүнкүдөй эң эле бактылуу, кубаттуу, дүйнө суктанган, ыймандуу, маданияттуу, бардык жагынан үлгү кыла турган өлкөнү куруп алууга жетишиптир. Ушул кезде финдерде кадыр-баркы айрыкча кымбат кесип, ыйык кесип, баары ушул кесипке жетсем деп ак эткенде так эткен, бардыгынан айлык акысы эң көп кесип—мугалимдик экен. Адегенде баары мугалим болгусу келип, анан мыктылардын мыктысы гана мугалим болуп, мугалимдикке жарабагандары гана айла жоктон финансисттик, экономисттик, юристтик кесипти тандап алат экен.

*  *  *

Чын эле кээде ойлойм, “Баратбай ким эле да, мен ким элем?” деп. Улуттук университеттин филфагындагы Маркстык стипендия менен окуган, эң көп стипендия алган студент жападан жалгыз сен эмес белең, анда? Мыкты окуган, мыкты кийинген, кем-карчы жок жашаган, агайлар башкаларга үлгү кылгысы келсе үлгү кылып көргөзгөн студенттердин бири сен эмес белең, анда? Мен да староста элем. Агезде бир аз кагылып-согулуп, турмуш көрүп, армияда болуп келген балдарды староста кыла берчү эле го. Мени да ошонумдан улам староста кылып коюп, кудай жалгап ошонун арты менен окуумду бүтүп кетпегенде, бүтөт белем, бүтпөйт белем, азыр ойлосом такыр эле көзүм жетпейт. Старосталыктын аркасы менен урунуштуруп жүрүп эптеп дипломдуу болбодумбу. Ошентип ошол кезде сен кем-карчсыз, проблемасыз, кадимкидей кадыр-барк менен, алтургай көөп жашасаң, мен үчүн жашаштын өзү проблема болгонун, сыртымдан сыйгаланган менен ичимден сызып, мен үчүн курстан курска көчкөн сайын көйнөк жаңыртуу, шым жаңыртуу, костюм же кышкысын  үстүмө жаңы пальто алуу деген тозоктун тозогу болгонун Нуралыдан бөлөк эчкимиңер деле билбей калбадыңарбы. Бирок мунун баарын мен билгизген жокмун, билгизген менен датымды кимге барып айтат элем? Анын үстүнө агезде адамдын дүнүйө-мүлкү, акча-тыйыны, кийим-кечесине эмес, илим-билимине суктанган, илим-билимине көз арткан, илим-билимине атаандашкан кез эмес беле, Баратбай! Бүгүн эми менин пенсияма, менин атак-даңкыма, сыйлык-наамыма сен суктанып олтурбайсыңбы?

*  *  *

Күн баарына тегиз тийген менен, баарын көрүп-билип турган Кудай гана акырындык менен баарын теңдейт экен да. Ошон үчүн “оомал-төкмөл дүйнө” деп коет турбайбы. Кудай сага айткан болуш керек, Баратбай. Сен ал айткан сөздөрдү отуң жалбырттап, алооң Асман-Жерди чапчып турган кезиңде балээнин угасыңбы, укпай да, сезбей да калган болушуң керек. Кудайдан өткөн калыс болмок беле? Илгери кыргыздын ыйлаган баласын “орус келатат, басыл!” деп коркутса, азыр орустун ыйлаган баласын “Басыл, кыргыз келатат, ичинде Баратбай жүрөт!” деп коруткан, өз алдыбызча түтүн булатып, эгемен доордо жашап жатабыз деп жүрбөйбүзбү, жок дегенде ушунусуна да шүгүр! Анан ошол “Багыттагылар” менен башкалар корккон,  Канттагы орус кошунаң Андрей корккон сенден Кудай коркмок беле, айтты да:

— Эй, кудай албаган жинди Баратбай, жакшы эле кутурдуң! Жокчулук кезде конфеттен өксү болбой чоңойсун деп уруулаш туугандарыңдын бирин дүкөнчү кылып, ыраматылык атаңды айылдагы мектептин деректири кылып кутурттум, эсиңдеби? Атаң бейиши болгур Жон-Булакты жонунан билген мыкты киши эмес беле! Дүйшеевдердин көбү филфакта үй тургай түзүк шымга жетпей, Дүйшеевдердин көбү жатаканага жетпей, көрүнгөн орустун кепесинде квартирант болуп желип-жортуп окуп жүргөндө сени шаардан үйлүү кылдым, же калпбы? Үйүндө үнүрөйүп жалгыз жашабасын деп колуктулуу кылдым, же калпбы? Анан кызыл диплом менен бүтүрдүм. Окумуштуу болсун деп Илимдер Академиясынын философия институтуна алып барып ишке кийирдим. Дүйшеевди болсо шаардагы гезиттердин бири да ишке албай, айласы алты кетти. Дагы кете түшсүн, жетимге дагы жете түшсүн, таанышы жоктук, таяары жоктук кандай болорун дагы биле түшсүн дедим. Айласы куруганда Нарынга кетип тынды, же калпбы? Жетет, Баратбай, акыры “келме-кезек, терме тезек” деген бар, эми ошол курган жетимди кутуртам, карап тур!?-деп айтты да Кудай!

*  * *

   Кудайдын ушунусун азыр көп ойлончу болдум. “Ата-энеси алкаш болчу, балдары көрүнгөн топуракты сүзгүлөп жүрүп эле чоңойду эле, бүгүн эми ошол балдары кыйын чыкты!” теп тамшанган айылдыктарды көп эле угуп жүрбөйбүзбү. Эгер адамдын дээриңде бирдеме болсо, Кудай акырындап баарын өз-өз ордуна коет турбайбы. Бул дүйнө деген айланма дүйнө экен да. Мени ошол студент кезимде көөп турсаң да тең санап, теңтуш санап, Барса-Келбес жерлерге чейин ээрчитип жүргөн эрдигиң, карандай чынчылдыгың, тазалыгың, такай кыштын кара сууганда кыштан жазга алып чыккан Нуралынын калың чаар курткасы, анда-санда жортуулга чыга калып Абай чаап келип кийгизип кетчү орустун коен тумагы, жердешим Жеңишбектин тиришумдук дермантин кара плащы  болбогондо филфакты бүтөт белем, жок белем, айтыш кыйын. Баса ошондо эчким кийбеген, кезинде калмактар чаап кеткенден кийинки журттан таап келгенсиген жалгыз дермантин плащты мен кийип чыкканда, кудай бетин салбасын, агездеги Фрунзенин жарымы үркүп, ошол үрккөн орустар дермантин плащты улам-улам эстей берип, эстеген сайын улам-улам үркө берип, акыры 91-жылы таптакыр үркүп жок болушпадыбы.

*  *  *

Өзүнчө болгондон бери 30 өкмөт алмашыптыр деп өкүнөсүң. Өткөндө укпадыкпы, ошол 30-өкмөт баланы Көлгө алып барышып, аны көргөзүшүп, муну көргөзүшүп, анан ал өзү “Эми тигил жагын да көрө кетели” деп ат тизгинин бурса, жандап жүргөндөр айтты деп атышпайбы: “Ал жакка барууга болбойт, протоколдо каралган эмес” деп, анан Сапар Исаков ошол бойдон барам деген жагына барбай кетти” деп. Мына, Баратбай, иттин өлүгү каякта көмүлүп жатат? Бу “протокол” деген ким? Кудай эмес экендиги белгилүү. Бирок ал ким? Айдар Акаевби? Майрам Акаевабы? Же Жаныш, же Максим Бакиевби, же шоопурдан “протоколго” айланган Илмияновбу? Ким? “Протоколдон чыкпаш керек да” дегенди көп укчу болдук. Биз шайлоодо кимге добуш бердик эле? Президент кылып кимдерди шайладык эле? Президенттердиби же протоколдордубу? “Протокол” деген кол тийгизгенге болбой турган кандай машаяк неме?

(Уландысын бул шилтемден окуӊуз

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here