Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов да арабыздан кетти.  Эми Эл жазуучусун эскерип, элитбизге калтырып кеткен эмгектерин баалап турушубуз керек.

Элибиздин сүйүктүү жазуучусу, драматург Көчкөн Сактанов Ош облусуна караштуу Алай районунун Кең-Жылга кыштагында туулган. Быйыл 10-октябрда 76 жашка чыкмак. Ал “Абат дүйнө”, “Сталиндин заманы”, “Чөөлөрдүн заманы”,  «Македонский» аттуу романдардын, ондогон аңгемелердин, трагикомедиялардын жана очерктердин автору. Сактанов » Маркумдар” үнү жана “Адат азабы” чыгармалары менен атагы чыккан.  Чынында «Маркумдар үнү романы мыкты чыгарма экенине сөз жок. Ал жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен бирге “Курманжан датка” тарыхый драмасын жазган. Анын акыркы чыгармаларынын бири «Бакал баатыр» аттуу тарыхый романы.

Сактановдун негизги кесиби журналист. Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясында жана телевидениеде редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм сценариялык коллегиясында редактор, филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы «Азаттык” үналгысында кабарчы, Кыргыз-түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп иштеген.

Сактанов Кыргыз эл жазуучусу наамын  кечигип, тагыраак айтканда 2011-жылы гана алган. Эл жазуучусу менен кечээ күнү  Кыргыз улуттук драм театрында коштошуу болду. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына жогорку бийлик жактан Маданият, маалымат жана турзм министринин стат-катчысы эле келди.

Ал эми президенттик аппараттан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештен бир да депутат басып келген жок. Ал эми Сактановдун талантын, чыгармаларын жакшы билген калемдештери, жердештери Сактановдун эң ириде мыкты инсан, мыкты адам экенин баса белгилешти. Белгилүү жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын уулу: “ Атамды акыркы сапарга узатууга келген баардыгыӊыздарга бир туугандарымдын атынан чоӊ ыраазычылык билдиремин. Ар дайым ден-соолукта болуӊуздар. Сиздерге чоӊ ырахмат!”-деп ыраазычылыгын билдирди. Ал жазуучунун уулдарынын арасынан чыгармачылыкка аралашып  жүргөнүн, бирок жазган чыгармаларын гезит, журналдарга берип китеп кылып чыгара электиги тууралуу да маалымат берди.  Ал эми Эл акыны Надырбек Алымбеков жазуучу тууралуу буларды айтты.

Надырбек Алымбеков, Кыргыз Эл акыны: “Кеч болсо да “Эл жазуучусу” деген наамды алды”

—Бул киши 76 жаш курагында өтүп кетти. Акыркы жылдары катуу ооруп жүрдү. Ошого карабай бул киши аябай иштеди. Биз чыгармачылык аркылуу жолугуп тааныш болуп калдык. Бул кишинин  “Үчөөнүн жүрөгү”  деген повести элге сиӊип кетти. Андан кийин роман жазды.    “Адеп азабы”  романы 1988-жылы чыкты. Кийинчерээк “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман” ,  “Чөөлөрдүн заманы” деген чыгар малары жарык көрдү. Айрыкча биздин калемгерлердин ичинен жогору жактагы өтүп кеткене улуу жетекчилер тууралуу жазганга эч ким даап бара алчу эмес. Көчкөн болсо даап жазып кыргыз элине жеткиргенден тышкары грузин элине барып ал жактан да сый-урмат менен келген. Бул абдан чоӊ нерсе. Ошондо ага Грузиянын аттуу-баштуу эр-азаматтары ыраазы болушкан экен. Кээ бир жазуучулар өмүрүндө бир эле роман жазып аты калат экен. А бул киши бир топ романдарды жазып койгон эле. Билгенге аӊгеме, повесть жазыш абдан кыйын. Бирок бул киши ооруганына карабай катары менен романдарды жазып кыргыз элине көп руханий байлык калтырып кетти. Биз бул кишини жакындан билген үчүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына келдик. Ал эми маданият тармагында эмгектеген жетекчилер, депутаттар, Ак үй, Көк үйдө иштегендер келишкен жок. Руханий дүйнөнү таанып ушундай эр-азаматтардын чыгармаларын окуган атка минерлер негизинен жок болуп калды. Бийликке келгендерге таарынсак да, таарынбасак да болот. Бирок руханий дүйнө менен байланышпаган муун келип калды да. Ошондуктан кээде кейийсиӊ. Биз 20-30 жылдан кийин мынча тонна алтын, мынча тонна спирт өндүргөнбүз деп айталбайбыз. Анын эч кимге кереги жок. А бүгүнкү экономика дегенди кантип баалайбыз?  Булар   биздин жазуучулардын калеми, үнү аркылуу кийинки муунга өтөт. Булар көпүрө. А көпүрөнү суу алып кетпесе сакталып тура берет да. А көпүрө каралбай калса бир күнү сынат,  а биздин келечекке арнаган эмгектерибиз да жолдо көмүлүп калуусу мүмкүн. Биздин руханий дүйнөбүздү тааныган эр-азаматтарыбыз элге керек. Ошондой эр-азаматтар болсо биздин руханий дүйнөбүз көбөйөт. Эгер руханий байлыктан аксап, башка улуттардыкын сиӊире берсек , анда биз кыргыз болуудан аксап калабыз. Менин мындай бир ырым бар.

Кызмат десе таштап коём ашымды,

Кыргыз десе сайып коём башымды.

Үмүтүмдү келечекке туу кылып,

Күрөп жүрөм өмүр деген асылды…

Мен эртеӊ менен үйдөн чыгарда Көчкөндүн өмүр баянын карап чыктым. СССР жазуучулар союзунун мүчөсүнөн тышкары Ардак грамоталары эле бар экен. Биздин мамлкетибиз орден да, медаль да бербептир. Кудайга шүгүр, кеч болсо да “Эл жазуучусу”  деген наамды алды. Көчкөн калемгерлердин жоон тобунун арасында калды!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here