ЖЭБди оңдобой эле, ой келди иш жасап кеткен Кытайдын ТВЕА компаниясын Кыргызстанга алып келгендер кыргызга каратып туруп эле кыянатчылык кылып коюшканы эми ачыкка чыгып жатат. Аталган компанияны 2013-жылы Жогорку Кеңеште депутат болуп турган бир катар адамдар Кытайга барып, жасаган ишин жактырышып, белек-бечкегин алып, айда сый-урматка бөлөнүп жатып, бөлөк компанияны жолотпой, аларга өзгөчө жолдомо берип келишкен. Булар дагы жоопкерчиликтен качпашы керек . Эмесе, Кытайга барып ТВЕАга бата берип, кылмакчыны кылып келген депутаттардын толук тизмесине көз чаптырыңыз. Алардин айрымдары азыр да депутат болуп олтурушат: КСДПнын ошол кездеги лидери Чыныбай Турсунбеков, дагы эки КСДПчы депутат Мурадил Мадеминов, Токтогул Туманов; ал эми ошол кезде Бабановдун “Республикасынан” : Малик Осмонов, Абдулатип Режевалиев, Исхак Пирматов ; “Ата-Мекенден”: Карганбек Самаков, Райкан Төлөгөнов ; “Ата-Журттан”: Азамат Арапбаев, Абдумиталип Кочкорбаев ; “Ар-Намыстан”: Бактыгул Маматов, Равшан Жээнбеков жана ошол кездеги министр Осмонбек Артыкбаев.