Пакистандын эң ири аймагы Карачиде күндүн ысыгынан улам соңку үч күндүн ичинде кеминде 65 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөдөгү “Эди Фандейшн” кайрымдуулук уюму кабарлады. Аптап электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип жаткан учурларга жана ыйык Орозо айына туш келди. Пакистандын метеорология кызматы абанын температурасы 44 градуска чейин чыкканын ырастады.

«Тез жардам» жана өлүккана кызматтарын башкарган “Эди Фандейшн” коомунун жетекчиси Файсал Эди каза болгондордун көбү Карачинин жакыр райондорунда катталганын, ал жерлерде 15 миллиондон ашык адам жашарын билдирди.  Пакистандын түштүгүндөгү Синд провинциясынын саламаттыкты сактоо министри Фазлулла Печухо жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде муну төгүнгө чыгарып, Карачиде адамдар аптаптан улам каза болду деген маалыматты толугу менен четке какты.

2015-жылы Пакистанда күндүн ысыгынан улам 1200дөй адам, негизинен үй-жайсыздар, бейтаптар жана кары-картаңдар каза болгон. Анда “Эди Фандейшн” уюмунун өлүкканасы 650 сөөктү муздаткычка жеткирип, калган сөөктөр сыртта күндүн ысыгында калып кеткен. Пакистан бийлик 2015-жылкы окуя кайталанбай турганын жана муктаждар ыкчам жардам алып турарына ишендирип келген.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here