Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин дарегине ачуу сын айтты. Зарылбек мырза өз сөзүндө: “Кыргызстанда мыйзамдар туура, так иштегенде, сиз №1 рецидивист болмоксуз. Сиз абдан акылдуу, сак, куу кишисиз. Сиз кай жерге барбаңыз артыңыздан суу калат. Менде да материалдар бар, прокуратурага берем. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кеп бар. Сизге ийгилик каалайм” – деп айтып, кайсы жакка барбасын артынан чуу чыгып, былыктуу иштери билинип калса дагы, бир да жолу жоопкерчиликти мойнуна албаганын билдирди. Ырасында, депутаттын айтканында чындыктын үлүшү бар. Сагызгандай сактыгынан ар дайым жоопкерчиликтен буйтап кетчү эле. Эми ТЭЦтеги чырдан дагы куйругун карматпай кетпесе болду. Бул жолу колу менен кылганга мойну менен жооп бериш керек. Эгер дагы жоопкерчиликтен кутулуп кете турган болсо, чындыктын өлгөнү ошол эмеспи…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here