«Ата Мекен» фракциясынын жандими, алкынды самындай жылмышып, кандай кырдаал болбосун колдон суурулган Каныбек Иманалиев деген депутаты бар. Ар качандан бир качан курулай патриот болуп, эл-жер үчүн күйүп-бышып жаткан түр көрсөтүүгө жан үрөйт. Тилекке каршы, кылгандары теңирден тескери. Мына ТЭЦ боюнча популисттик кылып, агынан жарылып жатат. Токто, өз башыңдагы төө үчүн жооп берчи дегендер жок. Айтайын дегенибиз, ТБЕА менен болгон келишим парламентте ратификация болуп жатканда, Эл аралык комитетти дал ушул Иманалиев башкарып турган. Негизи жеке компания менен түзүлгөн келишим эки мамлекеттин ортосундагы эл аралык келишим болбогондон кийин, парламентте ратификация болбош керек эле. Ал эми бул кыйды Иманалиев баарын былгытып, Жогорку Кеңешти дагы сазга тартып кеткен. Долбоор Эл аралык комитеттен өтпөсө, парламент келишимди карамак эмес. Экинчиден, келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы каралбай калганын билип туруп алакан ушалап, көздү жуумп өткөрүп жиберген Каныбек Иманалиев ак карга эмес. Демек, бул маселеге байланыштуу эң ириде жооп берүүгө тийиш…

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here