—Эдил мырза, кечээ “Ата Мекен” фракциясынан Клара Кабилова депутат болуп мандат алды. Бакиевдин маалында Кабилова борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп турганда, сизди “шайлоо бюллетенин интернетке салып, элге жарыялады” деп айыпташты эле.  Сиз анда КСДПнын мүчөсү элеңиз. Кыскасы Клара Кабилованын депутат болушуна кандай карайсыз?

-Биринчиден, Кабилова Клара-Гүлнара айым 2007-жылкы шайлоону толугу менен фальсификациялаган. Бул факт. Шайлоодо экинчи орунду алган “Ата Мекен” партиясын Жогорку Кеңешке өткөзбөй койгон. Бул эң чоң кылмыш болгон. Элдин эркин бурмалоодон оор кылмыш жок. Аягы эмне менен бүткөнүн биз бардыгыбыз билебиз. Ушул айымды “Ата Мекен”  партиясы өзүнүн тизмесине киргизип алгандыгын мен 2015-жылы эле катуу сынга алгам, эки жүздүүлүк деп сыпаттагам. Мен дайыма айтып келгем, Текебаев саясатты шахмат катары көрүп, аягы «заигрывается», өзүн-өзү алдап, өзүнө мат коет.

 —Бюллетендерди эмнеге интернетке жарыялап жибердиңиз эле?

-Бюллетендер боюнча айта турган болсом, ал жөнүндө дагы чечимди Бакиевдер кабыл алган. Кабилова эмес. Ал жөн эле “оформлять” этип берген. Ал жерде менин эч кандай кылмышым болгон эмес. Элестетсеңиз, сиз азыр шайлоо бюллетендин интернетке сүрөтүн койсоңуз, эмне ошол замат БШК бүт бюллетенди жараксыз деп таап, аларды өрттөп салабы? Албетте, жок. Меники да кылмыш эмес болгон. Мыйзамда да жок андай. Атайын чыгым болсун деп, өздөрү Бакиевдердин тапшырмасы боюнча жаңы басылган бюллетендерди өртөп салуу боюнча чечим чыгарып салышкан. Анан анын үстүнө болбогон башка чыгымдарды кошуп (мисалы, бир ИИМ полкунун бир айлык эмгек акысын, вертолеттун ижара акысын жана ушул сыяктуулар) иши кылса көбөйтүш керек болчу. Анан мунун бардыгын өзү айтып бербедиби, ким кандай буйрук бергенин. Жаныш Бакиев буга өзүнүн жардамчысын жансакчы кылып бекитип койгон көзөмөлдөш үчүн.

— Кабилова “Ата Мекенди” Жогорку Кеңешке өткөзбөй койгон, бут тоскон дедиңиз, анан ал учурда кантип “Ата Мекенден” депутат болуп шайланды? 

— Өмүрбек Текебаев колунда чексиз мүмкүнчүлүгү бар кезде кимдерди бийликке алып келгенине азыр өзү деле өкүнсө керек. Былтыр көрдүк го. Кимдерди бийликке алып келгенин. Азыр айта турган болсок табалагандай болобуз. Унчукпай эле коёюнчу…

— ТЭЦ боюнча депутаттар үч экс-премьер министрди бурчка такап, бакылдашты, ТЭЦтеги чуу аягына чыгып, күнөөлүүлөр жазаланаарына ишенесизби?

— Мен ушул Сатыбалдиев, Исаков жана Сариевге катуу таң калдым. Эмне барышты ошол Жогорку Кеңешке? Актанабыз деп жатып толугу менен дискредитация болушту. Жеке мен өзүмдүн жеке пикиримди баамдап көрсөм, өткөн жумада мен буларды күнөөлүү деп эсептеген жок элем, эми азыр кадимкидей Исаков менен Сатыбалдиев катуу жазаланышы керек деп кыжырым кайнап жатат. Албетте, бул сот эмес. Өзүнчө болушу керек ал. Бирок коомдук пикир катуу түзүлүп калды буларга каршы.

Маектешкен: Мирлан АЛЫМБАЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here