Акылбек мырза, коомчулуктун бүйүрүн кызытып, чуу жараткан ТЭЦ боюнча чуулуу маселенин мындан аркы уланышы кандай болот?

– Мындан аркы иштерди укук коргоо органдары карайт. Биз ишти укук коргоо органдарына тапшырып беребиз. Алар үч ай маселени карап, сентябрда биз ишке чыкканда келип отчёт беришет. Депутаттык комиссиянын иликтеген материалдарынын корутундусун биз укук коргоо органдарына эле берип тим болбой, президентке, парламентке, башкы прокурорго дагы сунуштаганы жатабыз. Алар дагы өз бааларын берүүлөрү керек. Менин оюм боюнча, бул ишти президент Коопсуздук кеңешинин жыйынына  алып чыгат го деген ойдомун.

Учурда тергөө иштери кандай деңгээлде жүрүп жатат?

– Тергөө иштери кызуу жүрүп жатат. Биз маал-маалы менен укук коргоо органдарынан, тергөөчүлөрдөн маалымат алып жатабыз. Эки күн мурун тергөөчүлөр  ТЭЦке барып, ал жактагы сатылып алынган кычкач ж.б. майда жабдыктар боюнча ТЭЦтеги тиешелүү кызматкерлерди суракка алышыптыр. Алар бир топ далилдүү маалыматтарды айтып беришкенин уктук…

ТЭЦ боюнча камалып отурган жети кызматкер дагы суралып жатышат да, алар далилдүү фактыларды айтып жатышыптырбы?

– Албетте, алар дагы ачылбаган көп сырларды айтып жатышса керек. Парламенттин кабыл алган чечими укук коргоо органдарына көлөмдүү материал болуп берет. Алар ошонун негизинде көп нерселерди таап, иликтешсе  болот. Үч ай аралыгында көп нерселер иликтенет го деген ойдомун.

Эки күн катары менен үч экс-премьер министрди парламентке чакырып алып жакшы эле жарга такадыңыздар. Үчөөнүн кимисинин күнөөсү  көбүрөөк?

– Үчөөнүн мунусу күнөөлүү деп так айта албайм. Антип айтууга менин укугум жок. Бардыгы тергөөнүн жүрүшүндө тастыкталат. Кытайлар менен ТЭЦ боюнча макулдашууга экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Тагыраак айтканда, кол коюу келишими ошол учурда макулдашылган. Ал учурда Темир Сариев экономика министри болуп иштеп турган. Министр катары  келишимге ал да кол койгон. Сапар Исаков болсо президенттик аппаратта иштеген. Ал дагы ишке кийлигишип, президентке кат жөнөткөндүгү  айтылды. Андай коммерциялык ишке президенттик аппарат эмнеге аралашты? Бул дагы өзүнчө тергелчү маселе.

Бакылдаган депутаттардын арасында ошол кезде министр болуп жооптуу кызматтарда иштеп тургандар бар. Алар дагы макулдашууга  кол коюшканы айтылууда. Күнөөлөрү далилденсе, алар да жоопкерчиликке тартылабы?

– Биз ишти иликтеген депутаттык комиссия материалдарды карап чыктык. Парламентте тартылган видео көрсөтүүлөрдүн баарын көрдүк. Стенограммадагы болгон материалдарды карадык. Ал учурда бизге чейинки бешинчи чакырылыштын депутаттары иштеп турушкан. ТЭЦти оңдоо боюнча маселе катуу каралган, бир канча депутаттар Кытайга барып келишкен. Кытайга барган, келишимге кол койгон ошол учурдагы  депутаттар мыйзамды бузган болсо, албетте алар дагы аёосуз жоопко тартылуулары керек. Башкаларды жоопко тартып, аларды жөн койгон болмок беле…

Күнөөлүүлөрдүн күнөөсү далилденсе жоопко тартылабы же буга чейинки айрым иштердей “карга карганын көзүн чокубайт” болуп жабылып калабы?

– Депутаттык комиссия түзүлүп жатканда журналисттер бизди аябай эле сындап турдуңар го. “Колдорунан эч нерсе келбейт, иликтей алышпайт, күнкарама депутаттар” – деп жаттыңар. Бул иш токтобойт, аягына чыгып, күнөөлүүлөр толук жазасын алат деп ишенем.

ТЭЦ боюнча чуулуу иште сиз айрым депутаттардан айырмаланып абдан активдүү иштедиңиз, сизге жогору жактан болобу же башка жактанбы айтор  оозуңузду басууга аракет кылгандар болгон жокпу?

– Андайлар абдан көп болду. Суранычтар болду. Мен эл алдындагы  жоопкерчилигимди ойлодум. Чынын айтканда, ишти иликтөө бизге абдан эле оор болду. Депутаттардын арасында күнөөлөнүп жаткандар бар. Аларды сындап, суракка алуу биз үчүн өтө кыйын болгонун жашырбайм…

 

Мирлан АЛЫМБАЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here