Коррупция деп мына ушуну айт. Эгер биздин айрым атка минерлердин, айрым мурунку өкмөт башчылардын үйүн тинтип көрүшсө мындан кем эмес акча табылып калышы мүмкүн. Анткени алар мамлекеттин байлыгын, казынасын укмуш эле тоношконун эл билет да. Малайзиянын мурунку өкмөт башчысы Наджиб Разактын үйүн полиция тинткен кезде 72 чемондан акча менен бирге 284 куту баалуу буюмдар табылганын чет элдик маалыматк аражаттары байма-бай жазышууда. Кутулардын ичинде кымбат баалуу сааттар, зер буюмдар, Louis Vuitton, Hermes мода үйлөрү чыгарган жаӊы сумкалар, чет элдик валюталар ж.б. баалуу боюмдар болгон. Мунун баарын ташып кетүү үчүн 5 жүк ташыган унаа керек болгон. Мурунку өкмөт башчы Наджиб Разак мына ушунча миллиарддаган каражат уурдагандыгы үчүн 9-майда өткөн шайлоодо элден колдоо таппай, жеңилип калган. Ал эми 91 жаштагы жаңы өкмөт башчы Махатхир Мохамад коррупция менен аесуз күрөшө турганын жарыялаган. Бул анын алгачкы аракети катары бааланууда.