Кыргызстанда жергиликтүү ишкерлер жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды чыгарууга белсенип жатат. Автобустар газ жана электр тогу менен жүрүүгө ылайыкташып, заманбап шартта жасалмакчы. Аларды чыгаруу үчүн каржылык көмөктү кепилдик фонду бермей болду.

“Шыдыр жол” жоопкерчилиги чектелген коому буга чейин жогорудагыдай автобустарды Кытайдан алып келип, учурда Бишкекте 18 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Аталган коомдун негиздөөчүсү Токтобүбү Оргалча кызынын айтымында, мындан ары ушул эле автобустарды жергиликтүү өңдүрүштөн чыгарса, баасы алда канча арзан болмокчу.

“Биздин 100 автобус алып келүү планыбыз бар болчу. Учурда алардын 18и алынып келинип, тилкеде иштеп жатат. Бир айдын аралыгында дагы 40 автобус алынып келинет. Буюрса андан кийинки автобустарды бул жактан чыгарып баштайлы деп жатабыз. Ушул жылдын аягына дейре 20 автобус жасап чыгарууга аракет кылып жатабыз.
Автобустардын тетиктерин Кытайдан алып келип, бул жактан жасап чыгарабыз. “Made in KG” бренди менен Кыргызстандын атынан чыгат. Биз буга чейин ар бир автобусту 75 миң доллардан сатып алганбыз. Эгерде бул жактан жасасак, 10 миң долларга арзан болот”,-деди Оргалча кызы Токтобүбү.

Автобустардагы отургучтардын саны 29. Айдоочу менен 30 киши отурат. Ичине 89 киши батат. Газ менен жүрүүчү автобустун ичинде кондиционер, атайын таштанды салуучу урна, видео байкоо орнотулган.

Токтобүбү Оргалча кызы кошумчалагандай, “Шыдыр жол” бир жыл ичинде 200 автобус жасап чыгарууну пландоодо. Ага кетчү каражатты кепилдик фонду берет. Ал ишендиргендей, үч ай аралыгында жергиликтүү өндүрүштөн чыккан автобустардын алгачкы партиясын чыга баштамакчы.

“Кепилдик фонду” ачык акционердик коомунун төрагасы Малик Абакировдун айтымында, кепилдик фонду үч чоң өкмөттүк стратегиялык программа иштеп чыкты.

“Биринчиден, Кыргызстанда машина өндүрүүнү баштайлы деп турабыз. Экинчиси, советтер союзу учурунда Кыргызстанда айыл чарба техникалары абдан жакшы өнүккөн болчу. Бизде комбайн, айыл чарба шаймандары чыгарылып, советтер союзундагы башка өлкөлөргө жиберилчү. 1991-жылдан кийин ал тармак токтоп калды. Ошол себептен айыл чарба техникаларын чыгарууну кайрадан жандандыралы деп жатабыз. Үчүнчү программа бул – электро мобилдүү унааларды түзүү. Бүгүнкү күндө өзгөчө борбор калаабызда экология маселеси абдан курч болуп турат. Биз газ, электр тогу менен жүрө турган автобустарды чыгаруу менен биринчиден коомдук транспорт көйгөйүн чечсек, экинчиден Бишкектин абасынын булганбоосуна шарт түзгөн болобуз”,-деди Абакиров.

Абакиров ишендиргендей, унааларды электр кыймылдаткычына өткөрүү көп жагынан пайдалуу.

“Биз эң ириде өкмөттүк унааларды электр кыймылдаткычына өткөрөлү деп жатабыз. Бул эң биринчи үнөмдүү жана экологияга зыяны аз. Эгерде бир унаага орто эсеп менен төрт миң сомго күйүүчү май куюп келген болсо, эми миң сомго эле куюп калат. Унаанын бир зарядкасы 200 чакырымга чейин жетет”,-деди.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан боюнча автобуска болгон муктаждык 6 миңден 10 миңге чейин. Анын ичинен Бишкек шаарынын өзүнө эле миңге чейин автобуска муктаждык бар.

Кыргызстандык ишкерлердин автобус чыгаруу дымагынан сырткары “Дыйкан плюс” жоопкерчилиги чектелген коому төрт жылдан бери “Топоз” деген аталыштагы тракторду чыгарып келет. Алты маркадан турган тракторлорду чыгарууга да кепилдик фонду каржылык колдоо көрсөткөн.

“Дыйкан плюстун” башкы директору Төлөгөн Ибраевдин айтымында жалпысы болуп уюм 54 даана трактор чыгарган. Алар ушул жылдын жаз айларында Казакстанга тракторду эскпортко чыгарган.

“Төрт жылдан бери жасап жатабыз, жалпы 54 даана чыгардык. Быйылкы жылы кепилдик фонду каржылык жактан жардам беребиз деп жатышат. Жардам берсе, ушул жылы 150гө чейин чыгарабыз деп максат кылып жатабыз. Дыйкандарга Айыл банк аркылуу берилип, үстөк пайызы 10 пайыздан 30 пайызга чейин болууда. Тракторлор алты маркада болуп, айыл чарбасына тиешелүү бардык жумуштарды жасайт. Кызылчаны отой турган шайман ойлоп таап, жасадык эле, учурда жакшы иштеп жатат. Тетиктер мурда Кытайдан алынып келинсе, азыр дээрлик 60 пайызга жакынын өзүбүз жасап жатабыз”,-деди Ибраев.

Кепилдик фондунун төрагасы Малик Абакиров билдиргендей, Кыргызстандын тракторго болгон керектөөсү 30 миңге жетет.

“Биз жергиликтүү өндүрүштөн автобус чыгаруу менен жок дегенде өзүбүздүн ички керектөөбүздү камсыз кыла алабыз. Айыл чарба техникалары боюнча айта турган болсок, Кыргызстандын тракторго болгон керектөөсү 30 миң даана трактор керек. Азыр лизинг программасы аркылуу Белоруссия же башка өлкөлөрдөн келген тракторлор өтө аз керектөөнү камсыз кылууда. Болгону миң трактор лизингге берилген”,-деп кошумчалады ал.
Маалымат иретинде айта турган болсок, “Кепилдик фонду” ачык акционердик коому 2016-жылы түзүлгөн. Негизги максаты – ишкерлерге колдоо көрсөтүү. Учурда 11 банк жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен келишим түзүп иштешип жатат. Бүгүнкү күнгө карата 400 млн. сом кепилдик катары берилген. Банктар болсо 1,5 млрд. сомго жакын суммада насыя беришти. Айыл чарба, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө берилген каражат 48 пайызды түзсө, өндүрүш 12 пайыз, соода-сатык 28 пайызды, экспортчулар 19 пайызды түзөт. Насыя алган керектөөчүлөрдүн 70 пайызы аймактагылар. Кепилдик фондунун капиталы 300 млн. сомду түзөт. Фонддун таза кирешеси өткөн жылы 12 млн. сомдон ашкан. Кепилдик фондунун жетекчилиги алдыдагы эки жылда капиталды 3 млрд. сомго жеткирүү планын коюуда.

Назгүл Бостонбаева

Булак: http://ekk.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here