Жакында эле Рустам Маманов менен Алесандр Воинов камакка алынды. Булар Кытай ишкерлеринин бизнесин, кен байлыгын тартып алганга шектелип жатканы айтылды. Айрымдар бул жиптин учугу КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчи, жардамчы, шоопуру Икрам Илмияновго такалаары кеп болуп жатат. Ушундан уламбы же дагы башка себептери барбы, Илмиянов жогорудагы экөө камалды дегенден кийин Кыргызстандан чыгып кеткени маалым болду. Айрымдар, Икрам качты дешти. Бирок КСДПнын катчылыгы: «КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Икрамжан Илмиянов кичи ажылыкка Меккеге кетти. Ал эркин адам, каалаган учурда өлкөдөн чыгып, кайра кире алат. Кимдир бирөөлөрдөн суроосу болсо жооп берүүгө даяр»,- деп билдирүү таратты. Ошентсе да мындай маалыматка ишенгендер аз.

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here