Кечээ күнү ЖКда ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы каралып жаткан учурда КСДП депутаты, аталган комиссиянын төрөгасы Улан Примиов Кыргызстандын тышкы карызынын 44 пайыздан ашыгы Кытайга таандык экенин айтты. Эске сала кетсек, мамлекетибиздин жалпы тышкы карызы 4,5 миллиард доллардан ашат. 2010-2018 жылдары эле Кытайдан 1 миллиард 700 миллион доллардын тегерегинде насыя алынган. Кытайга карызды кайтаруу мөөнөтү 2024-2027-жылдарга туура келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here