Ачка адамга катуу сүйлөбө – деген кеп бар эмеспи. Ооба, ачка адамдын ачуусу мурдунун учунда болот. Бирок, кеп ачкада деле эмес экен. Биз өзүбүз күндө жеген рационубуздагы тамак да маанайга таасир берээрин да унутпашыбыз керек экенин окумуштуулар эскертишти. Раша Университетинин окумуштууларынын изилдөөсүндө диета кармаган жана жашылчаны көп пайдалангандардын арасында гипертония жана депрессияга чалдыккандар дээрлик жокко эсе болгон. Окумуштуулар 964 адамга атайын тамак рационун түзүп беришкен. Ал диетада натрийди азайтып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк, дан жана майы аз сүт азыктарын колдонтушкан. Дүйнөлүк диетологдордун айтуусунда эӊ мыкты диета бул жашылча – жемиштин айкалышы жана майы аз сүт азыктарын колдонуу.

Окумуштуулар 964 адамды жыл сайын текшерүүдөн өткөрүп турушкан. Катышуучуларды 3 топко бөлүп, адамдар ал диетаны канчалык кармайт экенине көз жүгүртүшкөн. Бир тобу диетаны үзбөй кармап, окумуштуулар көрсөткөндөй тамактанышкан. Алардын арасында депрессияга кабылгандар дээрлик жокко эсе болгон. Ошондой болгон күндө да, бул изилдөө 100 пайыз мыкты натыйжа берет дегенден алыс. Бирок, окумуштуулар туура тамактануу ден соолукка пайдасын гана тийгизет деп ишендиришүүдө. Австралиянын Дикина университетинин окумуштуулары да эки топко бөлүп, биринчи топко жогоруда биз сөз кылган диета менен тамактандырып, экинчи топко болсо атайын психологдорду жиберишкен. Жыйынтыгында  аталган диетадан кийин топтун жарымы депрессиядан чыга алышкан. Ал эми психологдор менен иштеген топтун көрсөткүчү өзгөрүүсүз калган.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here