Бишкек шаарынын мэри бүгүн  Албек Ибраимов Биринчи май районунун жашоочулары менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө өзүн «жаратман» деп атаган мэрди район тургуну жакшы иштер жасалбай жатканы үчүн сынга алды.
Ал аял мэрди балдардын батут оюнчугу сейил бактарынан алынып салынса деген оюн айткан. Ошондой Эркиндик бульварына төшөлгөн кызыл бурстачкалар кышкысын абдан тайгак болуп, шаардыктарга ыӊгайсыздыкты жаратып жатканын билдирген.
Мэр ал аялга кенен жооп берип, тамашага да салды: «Биз  сейил бактардагы баттутарды дайыма алып турабыз,бирок  5 мүнөт өткөндөн кийин эле кайра пайда болушат.  Эч качан жакшы нерселерди көрбөгөн адамдар бар. Ошондой эле кичинекей иштин жакшы тарабын көргөндөр да бар. Жакында мэриянын алдындагы митингде сүйлөгөнүңүздү да көрдүм. Сиз мага абдан жагасыз, эгер мени жакшы көрсөңүз, анда айтыңыз. Мен жөн гана сизге сүйүүмдү билдирдим», — деп эч кимдин оюнча келбеген оюду айтып, тамаша-чыны менен эле качыра жооп айткан. Өзүӊүздөр талдаӊыздар. Мэрдин бул айтканы канчалык деӊгээлде этикага жатат жана жарашат?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here