Өзбекстан менен АКШ Шавкат Мирзиёевдин Вашингтонго болгон сапары учурунда бир нече миллион долларлык келишимге кол коеру күтүлүүдө.

Америка-өзбек соода палатасынын төрагасы Кэролин Лэмм «Узбекистан 24» телеканалына берген маегинде 15-майда жалпысынан төрт миллиард долларлык келишимге кол коюлары пландалганын айтты. Анын билдиришинче, тараптар соода, коммерция, инвестиция багытында кызматташууну арттырат.

Лемм экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарынан бири – мунайгаз жана түстүү металлургия тармагы экенин белгиледи. Ал Өзбекстанда биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн жалпы кызыкчылыктар жетиштүү экенин айтты. Трамп менен Мирзиёев алгач ирет 2017-жылы майда араб-мусулман өлкөлөрү менен АКШнын Эр-Риядда өткөн саммитинин алкагында жолугушкан. Мирзиёев былтыр сентябрда Нью-Йоркто америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен кездешип, эки тараптуу бизнес-форумга катышкан. Форумдун жыйынтыгы менен мунайгаз, мунайхимия, машина куруу, электротехникалык өндүрүш жана жарандык авиация тармагында 2,6 миллиард доллардык келишимге кол коюлган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here