Сүрөтчү Азамат Жаналиевдин жип, мык менен тарткан президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү 5 миң долларга бааланды. Бул сүрөттө сүрөтчү 1 айда: жип, мык менен булгарыга тарткан. Сүрөттүн туурасы 160 см, узуну 110см. Жаналиев буга чейин да ушундай ыкма менен башка элдердин сүрөтүн тартып келген. Албетте, бул да болсо таасын талант. Эми ажонун сүрөтүн ким алат? Алса эле алгач саясатчылар алышы толук мүмкүн. Балким, акчасы көп саясатчылар алып, ажонун өзүнө белек кылшаар. Кыскасы, бул сүрөткө суроо-талап бар десек болчудай…

Баса, Азамат Жаналиев жакында эле катуу шамалда Ала-Тоо аянтындагы негизги желек учуп кеткен кезде, жаанга карабай таӊ атканча өзүнүн желеги менен турган мекенчил жигиттин дал өзү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here