КСДП партиясы 11-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан чуу боюнча комментарийин таратты.

Анда Исаков «парламенттеги кечээги талкуу — элди адаштыруу жана ЖЭБдеги авариянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн жоопкерчиликтен качуу аракети» деп билдирген. ​Мындан тышкары ал быйыл январдагы авария үчүн ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулунан тартып Сооронбай Жээнбеков жана өзү да жооп бериши керек деп эсептейт.

— Мен билип туруп эле авария учурунда Сооронбай Шариповичти коргодум. Көбү ал мезгилде үн каткан эмес. Бишкектиктер тоңуп отурду, ал эми ЖЭБди кышка даярдагандар унчукпай, күнөөнү бири-бирине оодарышты. Менин өкмөтүм күздө келди, бирок мен саясий жоопкерчиликти өзүмө алдым. Депутаттар «Сооронбай Шариповичтин мезгилинде жүз миллиондогон сом жумшалган ЖЭБди ремонттоо учурунда эски жабдуу эмнеге оңдолгон эмес?» деген суроону да иликтеши керек эле. Буга комиссиянын жообу жок, — деген Исаков ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулун депутат Кожобек Рыспаев менен байланыштырып жатышканын белгилеген.

Азаттык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here