Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун көзүн түшүүнү максат кылып, поезддин алдына түшүп алып болушунча шаңыраңдап экс-президентти сындап жаткан Нариман Түлеевдин өзүнүн абийири төгүлүүдө. Коррупцияга шектелип 11 жылга камалып, үй-мүлкү конфискация болгондо, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге 3 жылдын ичинде көп нерсени түшүнгөнүн айтып, жалдырап кечирим сурап кат жазып, мамлекетке 60 миллион сом айып төлөп, эркиндикке чыкканы белгилүү болду. КСДП Түлеевдин жалынып кечирим сурап жазган катын жарыялады. Адатынча Нариман актанып, «Кол жазма меники эмес, жасалма, мен бул боюнча графологиялык экспертизадан өткөнгө даярмын», — деп карганып чыкты. КСДП экспертизадан өткөрүүгө даярдыгын айтты. Эми Түлеев эмне деген жок шылтоону ойлоп табат болду экен?..

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here