«Болтон» футбол клубунун  коргоочусу Марк Литтл оюндан кийин күйөрмандарынын бирине кийип жүргөн  курткасын белек катары берген. Бирок анын чөнтөгүндө нике шакеги менен капчыгы калып калганын унутуп калган. Бул тууралуу спортчу вTwitter-баракчасы аркылуу жазып, күйөрманынан кайтарып берүүсүн суранган. Бир канча убакыттан кийин күйөрман анын шакеги менен капчыгын алып барып берген. 

6-майда «Ноттингем Форрест» клубу менен «Болтон»  клубу таймашып, натыйжада 3:2 эсебинде «Болтон» жеӊишке жетишкен. 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here