Жусуев деген бар экен эй. Кайдан чыккан, тегим ким экен дебейсизби?  Таянганы кадимки Сооронбай Жээнбековдун кызын келин кылып алган, кан кудасы ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев экен. Болот мырза, ошол кудурети, таасири күчөп бараткан Абжалиевдин бир тууган жээни экен. Учурда Жусуев Экотехинспекциянын  директору Канат Муратбековдун орун басары болуп иштеп жатат. Билимди Айыл чарба институтунан алыптыр. Иштин көзүн деле жакшы билбейт, тажрыйбасы жетишсиз. Бирок ошентсе да, амбициясы аттын башындай экен. Ал ортого ооматтуу туугандарын салып, Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба боюнча агенттиктин директору болууну көздөп, катуу жүгүрүп жүрөт дешет. Курулушчу, же архитектор, жок дегенде эл оозуна илинген мыкты менеджер болбосо, андай кызматка эмнеге жулунат десең. Ал эле эмес, Муратбековду кызматтан кетет деген кабарды ЖМКлар жазып чыккан кезде, анын ордуна “сам” болуп калуу аракетин да көрүптүр. Кыскасы, орун басарлык кызматка ыраазы болбой “сам” болууну самап, кой десе болбой жулунуп жаткан Жусуевди жылкыңа карап ышкыр дечүлөр барбы? Амбицияны ашыра бербей, деңгээлди да караш керек да. Президенттин кан кудасынын жээни болсо эле, “желиккен таз” боло берүүнүн канчалык кереги бар. Алиярбек мырза акылдуу эле жан эле, жээнин кызматка сүрөп жатпаганы чын болсо, “ой жээнтай, демиңди бас” – деп койсо…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here