Биздин мамлекетте мансабы бар адамдардын дээрлик басымдуу бөлүгү, алардын  туугандары, балдары өздөрүн түз эле Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшө калгандай сезишет. Ошондон улам алар көп учурларда мыйзамды тебелеп-тепсеп, өз билгендерин кылышат. Бул жагын эл жакшы билет. Биз бул макалада дал ошондой мыйзамды тебелеген чоӊдордун туугандары, балдары  тууралуу  кеп козгойбуз. Тагыраак айтканда, бир кылмыштуу ишке журналисттик иликтөө жүргүзүүгө аракет кылдык. Төмөндө бул окуяны кыскарта чаап, ток этээр жерин баяндайлы.

Каарманыбыз Алымов Адилет  кыргыз жаштарынын катарында өз алдынча тыӊыраак оокат кылуу максатында, адал эмгекке басым жасагандардын бири. Жакын туугандар Мирлан жана Султан Арапаев деген  жигиттер 2015-жылы Адилеттин ишенимине кирип,  өз ара  келишим түзүп,  ага  Лехсус -570  (мамлекеттик номери В 6505O) үлгүсүндөгү жол тандабасты 30 миң долларга сатышат.

Ушул машинеге байланыштуу атка минерлердин инилерине кылмыш иши козголуп…

Адилет ошол жылы  9-сентябрда ал машинаны өзүнүн наамына каттатат. Эӊ кызыгы, көп өтпөй Адилет  өзүнө каттатып алып, айдап жүргөн машина мурунку ээлери тарабынан уурдалып кетет…

Мирлан мамлекетке зыян кылып, кылмыш козголгон экс-чиновниктин баласы

Эми бул кымбат машинанын ээлери тууралуу маалыматты жазалы. Султан Арапбаев Жалал-Абад шаарынын 2013-2014-жылдардагы мэри, өлкөнүн эӊ бай адамдардын бири Мухтар Арапбаевдин баласы.

Мухтар Арапбаев

Ал эми Мирлан Арапбаев Мухтар мырзанын  бир тууганы Эркин Арапбаевдин баласы. Эркин мырза да мамлекеттик кызматта жүрүп, чоӊ мансап, чоӊ байлык күткөндөрдүн бири.

Эркин мырзанын кызматта Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу департаментти жетектеп турганда мамлекетке миллиондогон сомго зыян келтиргени аныкталып, ага  Кылмыш жаза кодексинин: 304 – беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305- беренеси (Кызматтык укуктан  аша чабуу) жана  171-беренеси ( Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Бирок суудан кургак чыгып, кызматтан гана алынганы болбосо жазага тартылбай калган. Бүгүнкү күндө бизнесин гүлдөтүп жаткан кези. Мирлан мырза ушундай адамдын баласы экенин баса белгилеп кетели.

Мирлан Арапбаев  29 жашта. Москвадан ФСБны бүтүп келип, ошол  учурла Караколдо УКМКнын башкармалыгында сырттан иштеп жүргөндүгү боюнча маалыматтар айтылган.

Көпчүлүккө белгилүү болгондой Муктар Арапбаев менен Эркин Арапбаев учурда Жогорку Кеӊеште КСДПдан депутат болуп, мансабын мыкчып олтурган доллар менен  миллионер, сом менен миллиардер деп эсептелген Азамат Арапбаевдин бир тууган агалары болот. Демек, Мирлан менен Султан депутат мырзанын кара көздөй жакын инилери.

Баса, бул жерде дагы бир маселени унутпай айта кетели. Арапбаевдер качып кеткен Бакиевдер менен жакшы мамиледе болгонун эл жакшы билет. Маселен, Азыркы депутат Азамат Арапбаев ЖКга биринчи жолу Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясынан (2008-2010-жж.) депутат болгон.  Ал эми “Ак жолдун” депутаттары болсо,  айтылуу Каркыра жайлоосун ошол кезде казактарга карматып жибергени баарыбызга белгилүү. Бир сөз менен айтканда, “ак жолчулар”  Кудай алдында да, эл алдында да, тарых алдында кечирилгис күнөө кылышты. Биз сөз кылып жаткан Султан жана Мирлан Азамат байкесинин жолун жолдоп,    Бакиевдердин үй-бүлөсү, балдары менен жакын мамиледе болгондугун билгендер айтып жүрүшөт.

                  Бир машинага үч Ишеним кат жазылып…

 Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен  уурдалган машинага байланыштуу кылмыштуу окуянын, чоо-жайы ачыкталат.

Мирлан жана Султан Арапбаевдер  бул машинаны   2015-жылы июль айында мурун Ленин районунда прокурордун жардамчысы болуп иштеп жүргөн (1981-жылы туулган) Абакиров Нурлан Союзбековичтен  2 ай убакытка “рассрочкага” алышат.  Бирок Арапбаевдер машинанын акчасын толук  төлөй электе, өздөрүнүн менчигине өтө электе Адилетке 30 миӊ долларга  сатып жиберишкен. Мирлан менен Султан ал 30 миӊ долларды өз кызыкчылыктарына сарптап, жок кылып коюшкан болот. Ошентип, акчадан, же машинадан жок калып, бир эмес, эки бирдей адамга карыз болуп калышкан.

2015-жылдын 30-ноябрында  Абакиров Нурлан Арапбаевдердин үстүнөн милицияга машина боюнча арыз жазган.  Милиция Арапбаевдерге 164- берене (уруулук) менен кылмыш ишин козгойт. Бирок бул ишке милиция Адилетти жабырлануучу катары эмес күбө катары эле сурап, жыйынтыгында Арапбаевдерге козголгон кылмышты бир топ жеӊилдетип коюшкан. Андан ары бул сырдуу машинанын чоо-жайы иликтенип жатып, акыры машинага берилген үч Ишеним кат жана бир техпаспорт жасалма экени тиешелүү  экспертизадан аныкталып чыгат.

Бир машинага кандайча үч Ишеним кат берилген? Эми мунун чоо-жайына кыскача токтололу.

Экс-губернатор  Асанакунов менен КСДП депутаты Молдобекованын баласы да бул чуулгандуу ишке аралашып…

 

Нурлан Абакиров бул машинаны автосалондон сатып алып жатканда, болгону өзүнүн наамына  2 айга гана Ишеним кат жаздырып алган экен. Ал Ишеним каттын мөөнөтү бүтүп калганда,  жаӊылбасак 2015-жылдын  июль айында Кара-Балтадан каттоосу жок Нотариустан Аскеров Мараттын наамына Ишеним кат жасатат.

Марат Аскеров деген жигит ким болуп кетти деп, анын чоо-жайын сураштыра келсек, ал   Ысык-Көлдүн мурунку губернатору, учурда Кыргызпрофсоюздун төрагасы Мирбек Асанакуновдун баласы болуп чыкты. Мараттын  апасы ЖКда КСДПдан депутат, жөнөкөй эле депутат эмес, Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова.

Бул жерде Марат Аскеров менен Нурлан Абакировдордун да кандайдыр бир туугандыгы, же тааныш, достугу болгондугун байкоого болот. Кыязы, кыйышпас достордон.

Экөө теӊ жасалма Ишеним кат боюнча бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек. Укук коргоо органдары, соттор бул маселе боюнча да өз алдынча иш жүргүзөт болушу керек. Анткени, бул жерде да кылмыш ишинин курамы байкалып турат.

Айрым маалыматтар боюнча ушу тапта Аскеров Марат менен Абакиров Нурлан    Бишкектин Жукеев Пудовкина- Медеров көчөлөрүнүн кесилишине элиталык көп кабаттуу үй куруп жатышыптыр. Мындан тышкары, кымбат баалуу машиналарды алып-сатуу менен да алектенишет. Айтор, экөөнүн бизнеси бир экен.

Нурлан Абакиров Аскеровдун атына жазылган ошол мыйзамсыз Ишеним кат менен машинаны  Арапбаев Султан менен Мирлан Арапбаевге саткан. Султан Арапбаев болсо атасы Мухтар мырзанын катыштыгы жок эле Мамлекеттик каттоо кызматынан машинага  (атасынын наамына) техпаспорт алганы да ачыкка чыккан.  Мыйзам боюнча  бул жерде Султандын атасы Мухтар мырза кол коюшу керек эле. Демек, бул жерден да мыйзам одоно түрдө бузулган.

Кылмыштуу иш ушул машиенге байланыштуу

Жыйынтыгы ак жеринен күйгөн Адилет Алымов көп тоскоолдуктарга карабай, акыры 2017-жылы Октябрь райондук милициясы бул машинага байланыштуу Мирлан менен Султан Арапбаевге “Мошенничество” боюнча  (166-статья) кылмыш иши козготууга жетишкен. Иш тергелип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Бул кылмышка шектүү Арапбаевдер учурда үй камагына алынганы менен, депутат байкесине таянып жатышса керек. Айтор бүгүнкү күнгө чейин экөө теӊ каалагандай эркин жүрүшөт.

Баса, буга чейин Султан менен Мирланга кылмыш иши козголуп, үй камагына алынганын жазганбыз. Бирок  үй камагына камалды дегени менен Мирлан Арапбаев бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматта, тактап айтканда коррупцияга белчесинен баткан Бажы кызматында (Түштүк аймагында) иштеп жатат. Арапбаевдер үчүн мыйзам иштебейби? Же Мирланга депутат агасы Азамат Арапбаев “жашыл жарык” күйгүзүп берип жатабы? Мансапка, байлыкка таянгандар мыйзамды ушинтип көз көрүнө тебелеп, чалчактап жүргөнү кайсы акылга сыят? Же мансабы, байлыгы бар адамдар, алардын туугандары, балдары минтип мыйзамды көз көрүнө бузуп, карапайым адамдарды кордой берсе болобу? Деги Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы каякты карап олтурат? Же алардын депутаттардын балдарына тиши өтпөйбү?

Бирок бир нерсени унутпайлы. Эртедир-кечтир эсирген эргулдарга элдин каргышы тийип, Кудайдын жазасы берилет. Бул тагдырдын жандырмагы ачык-айкын табышмак эмеспи.

           Сот чуулгандуу ишти акыйкат карайбы?

Бул кылмыштуу иш тергелип бүтүп, 2017-жылдын август айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөн.  Адилет Алымов бул иште жабыр тартуучу катары соттон Арапбаевдерге берген 30 миӊ долларын кайтарып алууну көздөп жүрөт. Бирок бул ишти караган судьялар бир нече жолу алмашып, соттук иш созулуп жатканын байкоого болот.

Ал эми бул бир машинага бир эмес, бир канча кылмыш иши байланыштуу экени минтип иликтөөнүн жыйынтыгында ачыкка чыкканына баарыбыз күбө болдук.  Ал кылмыш иштерин  акчалуу, мансаптуу кишилердин балдары  ишке ашырганы да эми эч кимге  жашыруун эмес.

Сот эми бул иш боюнча кандай өкүм чыгарат? Аны убакыт көрсөтөөр. Албетте, чечимди  жабыр тарткандардын пайдасын чечип, кылмыш кылгандарды мыйзамдын чегинде жазалашы зарыл. Сот адилеттүүлүгү мына ушундай чуулгандуу ишти акыйкат чечкенде гана ар бир адамга сезилет, байкалат. Ансыз сотторго карапайым калктын ишеними жогорулабайт. Муну судьялар да беш колдой түшүнүп турат.

Биз бул чуулгандуу иштин калган жыйынтыгына көз салып, акыркы чечим боюнча да коомчулукту кабардар кылып турмакчыбыз.

Урмат Кабылбеков

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here