Бир кезде “темир” генерал деген каймана атка конуп, бирок көп өтпөй ал атты көтөрө албай, “жыгач” генералга айланган Феликс Кулов деген аксакал акыркы күндөрү өзүн катуу мактап, маектен-маек берип жатат. Криматалык  Рыспек Акматбаевди болушунча жамандап, табасы канган экен. Чынында “жыгач” генерал Рыспек тирүү кезде коёндой болуп, бүжүрөп эле жүрчү. Анын дарегина жаман сөз айтмак турсун, ага жакын жологондон да каччу эле. Себеби, Акматбаев түрмөдөн Батукаевдин колунан каза тапкан депутат инисин түрмөгө Кулов атайы жиберген деп эсептеп, андан өч алууну көздөгөн. Ал тургай Рыспек “Ала-Тоо” аянтына боз үйлөрдү тиктирип, миңдеген адамдарды митингге алып чыгып,  премьер болуп турган Куловду жолугушууга чакырганда,  Ак үйдөн чыкпай, жолугушууга “духу” жетпей, штанын “булгап” койгонун элибиз эң сонун билет. Албетте, биз Рыспекти мактагандан алыспыз. Анын деле жаман — жакшы иштери көп болгон. Бирок тарых үчүн, калыстык үчүн ушундай чыркыраган чындыкты айтып коюуну эп көрдүк.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here