Чөнтөк телефон дегениң ой-боюңа койбой достор, тааныштар, туугандар менен кезексиз сүйлөштүрө берет экен. Бирөөнө чалуу көпчүлүгүбүзгө кумарга да айланып калды окшойт… Шайлоо досум менен байма-бай чалышабыз. Кийинки күндөрү коррупционерлер жөнүндө көп сүйлөшчү болдук. Ошондо мен аларды «атып салса, атаганат» деп түзүнөн кирсем, Шакем кичине токтоолук кылат да кайра эле мени колдоп турат… Не айла, ошентип телефондон сүйлөшүп, коррупционерлерге «сокку уруп» турабыз…

Жакында Шакеме айтам: «Шаке, көптөн бери сени менен маек кура элекмин, кел, бир сүлөшүп алалы» деп. Ошондо ал айтыбатпайбы: «Маектен тажай элексиңби, андан көрө кат жаз, анан мен сага жооп жазайын» деп. Адегенде тамаша катары айтылган бу кебибиз, эми чындыкка айланбай болду. Мен кат жазып, Шакем ага жооп жазат, адабиятта унутулуп бараткандай болгон «эпистолярдык жанрды» улантмай болдук.  Шакемдин түпкү ою кандай экенин даана айтпады, а меники болсо, төмөндөгүдөй болуп турат:  Шакемдин «Агындылары» чыккандан кийин анын акындыгы экинчи планда калып, кыргыз адабиятына башкача бир баяны бар жазуучу келгендей болду. Ошол «Агындыларын» азыр бүтүндөй журт окуду, окуп жатат жана окуйт. Мен деле адабият жагынан дурус түшүнүгүм бар, ошондон улам айтарым, бүгүнкү күндө «Агындылардай» окулган бир дагы китеп жок, мурун деле болбосо керек. Жок, мен жакшы көргөн досумду ашыра  көтөрмөлөгөн жокмун, турмуш чынды ушуну айттырып жатат. «Агындыларды» тиягы Алайдан, биягы Ат-Башыдан бери издеп келип алып кетип жатышат, кээ бир айылдарда бир «Агындылар» болсо, ошого кезекке туруп жазылып окуп жатат, «Агындылар» -катуу ооруп ооруканада жатканы окуган китеп болду,  «Агындылар»-түрмөдө жаткандар окуган китеп болду, «Агындылар»- ишин таштап коюп окуган китеп болду, «Агындылар»-уйкудан калып окуган китеп болду, «Агындылар»-эзели колуна китеп алып көрбөгөндөр окуган китеп болду… «Агындылар»-барынан да аксаамай кемпирлер менен ак чач аталар окуган китеп болду! Эми Шакем андай китепти оңой менен жарата албас, ошондуктан мен ага кат жазган болуп, жообун угуп, дилин эми бир «сыгып» алайын деген оюм бар. Шакемдин дилинде дагы да айтыла элек, эл жыргап укчу, жан-дүйнөсүнө  сиңирип алчу нерселер толтура, аны кооз тили менен, сонун баяны менен, ойго келбес ою менен айттырып угуп турбайлыбы… Мына, менин ага кат жазганымдын башкы себеби.  Баштадым анда…

«Шаке, кандай «Азаттыктын» атыр жыттуу абасынан терең дем алып, демократиянын даңгыр жолу менен кадам таштап, бир кучак болуп чыгып жаткан гезиттердин жаман-жакшысына карабай барактап, сыйлыктарыңдын акчасынан кемирип-кемтип коюп, бала-чакаң менен аман-эсен тынч жатасыңбы?

Эми менин жайымды  сурасаң, жүрөм баягыдай эле. Кээде сага саат үчтө чалам, билесиң да эмнеге ошентем… Калганы жакшы эле… Сенин пенсияң дурус эле деп уккам. Меники болсо, эптеп эле бир нерсе болуп калган. Себеби, кагаз чогултуп чуркаган жокмун, анын үстүнө эркин гезиттерде көп иштебедимби, аларың соцфондго аз эле которот тура… Пенисям аз болгону менен айлыгым бар, бирөөнөн акча сурабай эле жан багып жатканым. Мен жанталашпайт эмесминби… Көп адамдамга бербеген «тобо келтирип, топук кылып» жашаганды мага кенен берип койгон тура…

Менден мурун сен талдап жатсаң керек, өзүбүзчө мамлекет болгону 30-премьер-министрди шайлаптырбыз. Бул сан аябай эле көп эмеспи? Төрт-беш жыл жакшынакай иштеп берген премьер-министрге жетпей койдук. Эми Абылгазиеви канча иштеп берер экен? Сен саясатчы эмессиң, бирок, өгүнү «эл саясат боюнча мамчиновниктерден алдыга кетти»ь дебедиң беле, ошондон улам сурап жатпаймынбы…

Премьерлер ошол ишке орношуп, анан иши менен таанышып, Өкмөт мүчөлөрү менен таанышып, иштин көзүн көргөнчө эле кызматынан ыргып кетет. Бул эмне болучу, сен билет чыгарсың? Анан да илгери Совет доорунда кайсы бир чоң кызматка туруш үчүн далай кызмат тепкичтерин басып, далай сынактан өтүп туруп келчү эле, азыр болсо, энесинин курсагынан түшүп эле чоң кызматтын креслосуна олтуруп калып жатышат. Кыргызың кызматтарды мынчалык эмне кор тутту?!  Бир байкаганың болсо, айт, угайын?

Мейли эле, чоң кызматтагылардын дарамети аз болсун, ишти начар билсин, азыр эл өзү эле иштеп жатат эмеспи… негизги маселе чоңдордун жеп-жутпай иштегенинде болуп жатат. Азыр кайсы чоң болбосун кызматка турары менен эле Шодокондун бүркүтүнөн алда-канча ашып түшүп жатпайбы. Тим эле жеп-ичкендин «жогорку окуу жайын» бүтүп келгендей жейт! Эми бул иш традицияга айланып калды, аны токтотууга дегеле мүмкүн эмес. Ушул айбанчылыкты кантип токтотсо болот, бир билгениң бар чыгар Шаке?..

Дагы бир балакет баскан жорук: кээ бир коррупционерлер соттолуп, айып пул төлөп, анан түрмөдөн чыккандан кийин кичине элден уялган болуп тынч жатып калбай, кайра эл ортосуна чыгып,                    уялбай-этпей эле  «акылын» айтып турганы. Андайларда бет-сет деген жок окшобойбу, уялуу деген сезимден куру окшобойбу! Мына ошондойлорго Акматбек Келдибеков деген сонун мисал болуп берет. Ал миллиондогон сомду жеп, айып пул төлөп, камалып чыкты. Адамдыктын эсебинде болсо, ал тынч жатышы керек эле. Жок, тескерисинче телекөрсөтүүлөрдөн түшпөй, кадимки ак дил адамдай сүйлөп жатпайбы… Бу Келдибековдой адамдарды турмуш бузуп жатабы же жаратылышнан ошондой жаралабы? Буга такыр эле мээм жетпей койду… Анан Раван Жээнбеков деген да бар, телевизордон түшпөйт. Ал маммүлктү башкарып турганда ондогон имараттарды ит бекер саткан, өзү да аябай тоюнган. Анын кичине уяты болсо,эл алдына чыгып сүйлөбөйт болчу… Бери жакта Түлеев деген «желмогузу» бар, а дагы кузгуну келтирет…

Мен туулганы бирөөнүн бир тыйынына зыян кылган эмесмин. Анан ак эмгек менен үй салган киши курусун. Айтпадым беле, беш жылдан бери балдарга бир чакан үй куруп жатам. Деле бүтөйүн деген түрү жок. Кабат-кабат үйлөрдү салып жаткандарга суктанам… Салып жаткан үйүмдү эптеп бүтүрөрдүн жол-жобосун билсең, айт. Ай ушу сен деле билбейсиң да… Аман болсок, ал үй да бүтөр деп баягы эле аманчылыкка таянып турам. Анан ошол да, баарын-баарын аманчылык жеңет эмеспи, калганы «техниканын иши» да…

Шаке, кийинки күндөрү мен бир нерсеге катуу ишендим, кайсы бир нерсени кечке эле тындырбай айта берсе, ошол нерседен тажап уккуң келбей калат экенсиң. Ар нерсенин ченеми болуш керек экен, жакшы нерсенин да ченеми болбосо, жаманга айланып кетери бар экен…

Азыр бизде Сагынбай, Саякбай сындуу манасчылар жок эмеспи, болбойт дагы. Анан азыр «Манастан» жаттап алып, «манасчы» болуп жүргөндөр толтура. Ошолордун «Манас» айтканы тажатты. Кээ бир телекандалдар аларды байма-бай көрсөтө берип тажатты… «Манасты» тынымсыз айта берип, аны элге сиңирүү мүмкүн эмес экени далилденип жатат… Анан жанагы Чубак ажы деген аябай тажатты, Арстанбек Алай деген неме аябай тажатты, анан дагы, кудай өзү кечирсин, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы дегенди да күнү-түнү айтып жатып, уктуруп жатып, а да тажатып барат. Буларды айтып, мен өзүмдүн түшүнүгүмдүн терең эмес экендигин көрсөтүп жаткандырмын, сен айтчы, Шаке, мен эмнеден жаңылып жатам? Жакшы нерсени ыгы менен айтып, ыгы менен көрсөтүп турса болбойбу?

Шаке, мен сенден дагы бир нерсени сурайын. Мобу «Көчмөндөр оюну» ырас эле чыкты. Анан ошону эки жылда бир эмес, төрт жылда бир өткөрүп турса дейм. Ой, мамлекет дегендин оюндардан башка да иши бар да? Буга эмне дедиң? Баса, бул оюн кээ бир чиновниктердин «жем жечү акырына» да айланды деген кеп кетти…

Өгүнү жээн неберемден: «Китептерден тапкан сүйүктүү карманың барбы?»  деп сурап жатпаймынбы. Ошондо ал менин кайсы бир жаныбарды карагандай карап «эмне каарман» дейт. Ошого жиним келип: «Эй, менин Манас, Семетей, Сейтек, Алманбет, Сыргак, Чубак, Күлчоро, Бакай, Эр Төштүк, Курманбек, Кожожаш, Кычан Жакыпов, Павлик Морозов, Чапаев, Том Сойер, Павел Корчагин, Сережа Тюленин, Олег Кошевой, Андрей Соколов, Болот, Ак Мөөр, Дүйшөн, Жамийла… деген сыяктуу жүздөгөн каарманым бар болчу, аларды китеп окуп жатып тапкам» дедим. Неберем үн-сөз жок сабагынап кете берди… Биз бала кезде китеп окуп жатып тентек кылганга деле убактыбыз аз болсо керек деп калам, туурабы, Шаке. Баса, биз кээси менен колхоздун багынан алма уурдачу элек. А кезде силердин айылда  алма жок да эмне уурдачу элеңер?

Шаке, ушул азыр сага кат жазып жатканда ойго ар нерсе келе берет экен, ушуну да сурагым келди: жанагы Азамат Алтай деген агабыз бар эмес беле, мен ошол кишини такыр эле өзүмө жакындата албай койдум, ал мага «чыккынчы» болуп эле туруп алды? Ары толгоп, берип толгоп ойлонсом да ошол оюман кайтпай турам. Сен ушул жөнүндө бир нерсе айтчы, балким мен ушул оюм менен  күнөөгө батып жатамбы?

Болуптур эми,азырынча ушул,  Шаке, бала-чакаң менен, Зейнең менен саламатта бол, алды ооруба. Жооп күтөм деп досуң Баратбай»

Автор: Баратбай Аракеев

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here