Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө жашаган согуштун 95 жаштагы ардагери Шамши Эшбаев согуш маалында Чолпонбай Түлөбердиевдин дзотко төшүн тоскон эрдигин өз көзү менен көргөн. Аймактык кабарчы аксакалдан былтыр 2017-жылы Жеңиштин 72 жылдыгына карата кабар алган болчу. Ошол маекти быйыл дагы сунуштоону туура көрдүк.

Шамши атанын өзүнүн айтымында, 1941-жылы аскерге чакырылып, 1942-жылы Воронеж шаарында согуш майданына кирип, Украинанын борбору Киевди, Белоруссиянын борбору Минскти, Румыниянын борбору Бухарестти, Венгриянын борбору Будапештти жана Венаны, Праганы душмандардан бошотууга катышкан.

«Чолпонбай 1-ротада, мен 2-ротада элем. Ошол күнкү салгылашта 200 жоокердин көбү октон оор жарадар болуп, бири колунан, бири бутунан ажырап оор абалда калганбыз. Ошондо Чолпонбай Дон дарыясынан сүзүп өтүп, дзотко көкүрөгүн тосуп, биздикилерге жол ачып берген. Ошол кармашта мен башымдан, бутумдан оор жаракат алып, дарыланып, кайрадан майданга кирдим. Улуу Жеңишти Грац шаарында тостук», — деди ал. Ардагер буга катар эле согушка аттанганда атасы да аны менен кошо чакыртылганын, бирок анын жашы өтүп кеткендиктен кайра артка кайтарылганын белгиледи.  «Атам мени менен бирге согушка жөнөгөн эле. Жашынын өтүп калганына байланыштуу Айдаркенге оорукта иштөөгө кайтарылган. Энеме кат жазганымда «кыйынчылык жок, кээде гана ок атылат дечүмүн. Чынында анда өтө ачуу, каардуу согуш болгон. Жамгырдай жааган октон чанда гана киши тирүү калчу. Мен аскер бөлүктүн командири болуп, жалаң ок атып жүргөнүмдөн гана тирүү калдым. Курский Дугадагы салгылышка 80 жоокер барып, үчөөбүз гана аман калганбыз. Ошол эрдигибиз үчүн «Кызыл жылдыз» ордени берилген», — деди ал.

Шамши ата согуштан келгенден кийин 55 жыл мугалим болуп эмгектенген.

Булак: Турмуш

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here